Мүрт кеткен эки киши. КамАЗдын алдында калып тамтыгы чыккан Gelandewagen. Сүрөт

© © фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналуНарын облусундагы Он-Арча айылына жакын жерде Mercedes-Benz G үлгүсүндөгү унаа (Gelandewagen) КамАЗдын алдына кирип кетип эки адам каза болгон
Нарын облусундагы Он-Арча айылына жакын жерде Mercedes-Benz G үлгүсүндөгү унаа (Gelandewagen) КамАЗдын алдына кирип кетип эки адам каза болгон - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кырсыгы жума күнү эртең менен болгон.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Нарын облусундагы Он-Арча айылына жакын жерде Mercedes-Benz G үлгүсүндөгү унаа (Gelandewagen) КамАЗдын алдына кирип кетип эки адам каза болгон. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине күбө билдирип, окуянын сүрөтүн жөнөткөн.

Каргаша тууралуу маалыматты Нарын облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы тастыктады.

Жол кырсыгы 10-август күнү 8:30да катталган. Укук коргоо органдарынын айтымында, кырсыктан Mercedes унаасынын айдоочусу жана жүргүнчүсү мерт кеткен. Учурда кырсыктын себептери такталууда. 

Жаңылыктар түрмөгү
0