Бычак такап... Сүлүктүдө аялды тоноду деп 20 жаштагы кыз кармалды

Жазылуу
Шектүү аялдын мойнуна бычак такап 100 миң сомун алып кеткен.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Сүлүктү шаарындагы Кольцо айылында жай тургундун үйүнө 20-25 жаш чамасындагы кыз кирип акчасын тоноп кеткен. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, 6-август күнү саат 17.00дөр чамасында 32 жаштагы аялдын үйүнө 20-25 жаш чамасындагы кыз кирип ага жана анын 12 жаштагы кызынын мойнуна бычак такап коркуткан.

"Кылмышкер аялдын сумкасындагы 100 миң сомун жана кол телефонун тартып алып, окуя болгон жерден из жашырган. Аталган фактынын негизинде милиция кызматкерлери туугандарынын үйүндө жашынып жүргөн 20 жаштагы кызды колго түшүрдү", — деп айтылат маалыматта.

Учурда Кылмыш жаза кодексинин 168-беренеси (каракчылык) боюнча иш козголуп, тергөө иштери башталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0