Ош: 24 жаштагы айдоочу чуңкурга түшүп кетип каза болду

Жазылуу
Маркум Араван районунун тургуну экендиги аныкталды.

ОШ, 10-авг. — Sputnik. Ош шаарында Toyota Windom унаасы менен катуу ылдамдыкта баратып жол кырсыгына кабылган24 жаштагы жигит окуя болгон жерде көз жумган. Бул маалыматты Ош шаардык жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тастыктады.

Ага ылайык, окуя 10-августка караган түнү саат 1:30дар чамасында калаадагы Исхак Раззаков көчөсүндө болгон.

Алдын ала маалыматтар боюнча катуу ылдамдыкта бара жаткан унаа газ түтүкчөлөрү үчүн казылып алдынган шагылга урунуп, андан кийин чуңкурга түшүп кеткен. Анын кесепетинен оор жаракат алган айдоочу Тез жардам кызматы келгенче көз жумган.

Маркум Араван районунун тургуну экендиги белгилүү болду. Учурда териштирүү иштери улантылып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0