На улице Исанова в Бишкеке милиция выставила оцепление рядом с многоэтажным домом

Бишкектеги окуя: бомба телефон аркылуу жардырылган

223
(жаңыланган 19:17 11.08.2018)
Россиялык ишкерге дал ушул жерден буга чейин да кол салуу болуп, анын ким экендигин табылбай калган.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Исанов көчөсүндөгү жардыруу россиялык ишкер Александр Гайдуковго кол салуу максатында уюштурулганын укук коргоо органдарындагы булак билдирди.

Белгилей кетсек, 10-августта Бишкек шаарынын Исанов жана Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйлөрдүн короосунда жарылуу болуп, милиция аймакты курчоого алган. Жарылуудан россиялык ишкер Александр Гайдуков жаракат алып, Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна жеткирилип, ошол эле күнү ооруканадан чыгарылган.

"Алдын ала маалымат боюнча бул — кол салуу. Ичине мык, учтуу буроо салынып колго жасалган бомба жарылган. Ал уюлдук телефон аркылуу жардырылган. Ишкерге кол салган киши жабырлануучуну көрүп турган болушу ыктымал", — деп  билдирди укук коргоо органдарындагы маалымат булагы.

Россиялык ишкерге ушул эле жерден 2016-жылы дагы кол салуу болуп, кылмыштын бети ачылган эмес.

223
Белгилер:
милиция, жарылуу, Александр Гайдуков
Тема:
Россиялык ишкер Александр Гайдуковго кол салуу (8)
Тема боюнча
Бишкектеги жарылуудан россиялык ишкер жаракат алды. Жеринен тартылган видео
Бишкектеги жарылуудан жабыркаган бизнесмендин эмне байлыгы бар
Бишкектин чок ортосундагы жарылуу. Учурда эмне болуп жатат
Пикирлер