КамАЗ алдында калган Gelandewagen. Нарында көз жумгандар тууган болуп чыкты

CC0 / Dmitriy / Mercedes-Benz G-Klasse (W463)Автомобиль марки Mercedes-Benz G-класса
Автомобиль марки Mercedes-Benz G-класса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маркумдардын сөөгү экспертиза үчүн моргго жеткирилген.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы 10-август күнү Нарындагы адам өмүрүн алган жол кырсыктын жаңы жагдайларын маалымдады.

Авариядан кийинки сүрөттөр социалдык тармакка тез тарап, колдонуучулар бири-бирин жолдо эрежени сактоого чакырышууда.

​Милициядан билдиришкендей, жол кырсыгы Нарын облусундагы Эчки-Башы айылында болгон. Анда G-классындагы Mercedes-Benz (Gelandewagen) КамАЗ алдында калып, эки киши мүрт кеткен. Жеңил унааны 36 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну башкарып, ал эми алдыңкы орундукта анын 25 жаштагы тууганы, Эчки-Башы айылынын жашоочусу бараткан.

Маркумдардын сөөгү экспертиза үчүн моргго жеткирилип, тергөө амалдары башталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0