Милиция автоунаасы. Архивдик сүрөт

Манас проспектисинде Кайгуул-күзөт кызматынын унаасы оодарылып калды. Видео

1100
(жаңыланган 09:21 13.08.2018)
Күбөнүн айтымында, проспектиде үч автоунаа кагышкан.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Манас проспектиси менен Фрунзе көчөсүнүн кесилишинде ИИМдин Кайгуул-күзөт башкармалыгынын унаасы жол кырсыктын кесепетинен оодарылып калды.

Окуянын кыска видеосун активист Болот Ибрагимов Instagram баракчасына жүктөдү.

Күбөлөрдүн айтымында, үч унаа кагышып, Кайгуул-күзөт башкармалыгынын Toyota Avensis үлгүсүндөгү унаасы оодарылып калган.

Бишкек ШИИББ толук маалымат кийинчерээк берилерин убадалады. Жеринде милиция кызматкерлери иштеп жатат.

Тез жардам кызматы кырсыктан эки адам жабыркап, ооруканага жаткырылганын маалымдады.

1100
Белгилер:
жол кырсык, Жол кайгуул кызматы, Бишкек
Тема:
2018-жылы Кыргызстанда катталган жол кырсыктары (300)
Тема боюнча
КамАЗ алдында калган Gelandewagen. Нарында көз жумгандар тууган болуп чыкты
Мүрт кеткен эки киши. КамАЗдын алдында калып тамтыгы чыккан Gelandewagen. Сүрөт
Пикирлер