Аксыда бүгүн эртең менен чагылган тийип, 38 жаштагы киши каза тапты

© AFP / JOCHEN LÜBKEЧагылган. Архив
Чагылган. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Агасы маркумдун артында беш кызы калгандыгын айтты.

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Аксы районунун Жаңы-Жол айылында талаада чөп жыйнап жүргөн кишиге чагылган тийип каза болду. Бул маалыматты аталган айылдык кеңештин депутаты Жанарбек Надырбеков тастыктады.

Ал окуя эртең мененки саат 9дар чамасында болгондугун билдирди.

Маркумдун тууганы Ашымбай Кубатбеков окуянын кандайча болгондугун төмөнкүчө айтып берди.

"Иним эртең менен чөпкө барыптыр. Жанында балдар деле болбоптур. Ал арада жамгыр башталып калат да ошол жердеги бир түп жапайы өрүктүн алдына корголоптур. Телефон менен сүйлөшүп жатканда чагылган тийгендигин айтышты. Аны жан-жакада жүргөн балдар көрүп калып, үйүнө алып келдик", — деди Кубатбеков.

Ал маркумдун артында беш кызы калгандыгын айтты.

Аксы райондун ички иштер бөлүмүнөн Т.Ш. аттуу 38 жаштагы адамдын  чагылган уруп каза болгондугун тастыкташты.

"Жаңы-Жол айылдык милиция бөлүмчөсүнө кырсык тууралуу маалымдашкан. Билдирүү түшкөндөн кийин ыкчам топ чыгып кеткен. Кызматкерлер тийиштүү материалды топтоп, азыр кайра кайтып келе жатат. Ал киши чагылган түшүп каза болуптур", — деп билдиришти  райондук милициядан.

Буга чейин да Ысык-Көлдөгү айылдардын бириндеги короого чагылган түшүп, алтымышка жакын мал кырылып калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0