ӨКМ: быйыл сууга чөгүп ажал тапкан адамдардын саны 100дөн ашты

© AFP / Jan-Philipp Strobel / DPAЖара в Германии
Жара в Германии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Статистика сууга чөгүп каза болгондордун 62 пайызы эркек кишилер экенин көрсөтөт.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Кыргызстанда жыл башынан бери сууга чөгүп каза болгон жарандардын саны 114гө жетти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Новогоднее плавание на Адриатическом море в Портороже - Sputnik Кыргызстан
Сууга чөккөндөр арбыды. Адам өмүрүнө ким жоопкер да, ким карайт?
Андагы статистикага ылайык, каза болгондордун 62 пайызы эркек кишилер, 28 пайызы жаш балдар калганы аялдар болгон. Суудагы кырсыктардын дээрлик 80 пайызы жайкы сезон учурунда катталган. Алсак, Ысык-Көлдүн пляжында эле быйыл 16 адам ажал тапкан. Бул — ӨКМдин каттоосуна түшкөн гана статистика. Куткаруучулар чакырылбай калган учурларды эске алганда мындан да көп болушу мүмкүн.

Аймактар боюнча сууга чөгүп каза болгондордун саны:

Чүй — 28;
Нарын — 2;
Талас — 3;
Ысык-Көл — 21;
Жалал-Абад — 18
Баткен — 9;
Ош — 14;
Ош шаары — 8;
Бишкек шаары — 11.

Ошондой эле ӨКМдин куткаруучулары жыл башынан бери сууга тумчуккан 11 адамды аман алып калышкан.

Sputnik Кыргызстан агенттиги сууга чөккөн адамга биринчи жардам кантип көрсөтүлүшү керектиги боюнча видео материал сунуштайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0