Бирөөнүн аялы менен жүрбө! Сузакта өз унаасында бычакталган киши

© Sputnik / Табылды КадырбековБычак кармап турган адам. Архив
Бычак кармап турган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маркумдун сөөгүн сыртынан кароо учурунда көкүрөгүнө, далысына учтуу нерсе менен сайылган жарааты бар экени аныкталды.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Жалал-Абаддын Сузак районунда өз унаасында бычакталып, андан соң кырсыкка кабылган киши ооруканада көз жумганын облустук милициянын маалымат катчысы Мыктыбек Турдубеков билдирди.

Анын айтымында, окуя тууралуу маалымат 5-август күнү саат 14.15тер чамасында Сузак районунун милициясына Барпы айыл аймагына караштуу Мазар-Булак айылынан чакыруу түшкөн.

"Териштирүүнүн натыйжасында Жалал-Абад шаарынын 51 жаштагы тургуну Toyota Auris унаасы менен Миң-Өрүк айылы аркылуу шаарды көздөй жөнөгөн. Жанында азиат тегиндеги 30-35тердеги жүргүнчү бар экени айтылат. Бейтааныш адам айдоочуну учтуу нерсе менен үч жолу сайып жиберген. Унаа кирпич заводунун алдындагы электр мамысын сүзүп токтогон. Ал эми кол салган адам из жашырып кеткен", — деди Турдубеков.

Милиция айдоочу алган жаракатынан оорукананын жандандыруу бөлүмүндө көз жумганын белгиледи.

Жолдо бараткан жигули. Архив - Sputnik Кыргызстан
Зордукчуларды алдап кеткен кыз, күйөөсүн чаап өлтүргөн аял. 90-жылдардагы кылмыштар
"Окуя болгон жерди кароо учурунда унаа ичинен кат табылган. Анда "бирөөнүн жубайы менен жүрсөң ушундай болосуң" деген маанидеги жазуу бар экен. Маркумдун сөөгүн сыртынан кароо учурунда көкүрөгүнө, далысына учтуу нерсе менен сайылган жарааты бар экени аныкталды", — деп айтылат билдирүүдө.

Аталган окуя боюнча Кылмыш жаза кодексинин 97-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары Россиянын 36 жаштагы жараны колго түшүрүлдү. Учурда ал убактылуу кармоочу жайда.

"Каза болгон киши Жалал-Абад шаарында акча алмаштыруучу жайда иштеп келгени аныкталды. Каргаша анын Кара-Суу базарынан кайтып келе жатып, шектүүнү жүргүнчү катары салып алган учурунда болгон. Кармалган киши ишкер экөө мурда-кийин тааныш болгонун, кылмышка акчасын алуу үчүн барганын айтып берди", — деди Турдубеков.

Ал эми унаа ичинен табылган кат кылмыш изин башка нукка буруу максатында жазылганы анык болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0