Көк-Жар айылында каналга кулап кеткен 24 жаштагы жигит изделүүдө

© Фото / Айша КамиловаКанал. Архив
Канал. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаран 15-август күнү болжол менен саат 10.40 чамасында сууга агып кеткен.

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Чүй облусундагы Аламүдүн районунун Көк-Жар айылында жаш жигит каналга түшүп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Бидирүүгө ылайык, 15-август күнү болжол менен саат 10.40тар чамасында 24 жаштагы Ш. уулу К. чоң сууга агып кеткен. Окуя болгон жерге тез арада Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары барып издөө иштерин баштаган.

Бүгүн, 17-августта да, ӨКМдин 27ден ашык кызматкери жигитти издөөнү улантат.

Жаңылыктар түрмөгү
0