Койдуруп, тебелеп кеткен. Маршрутка айдоочусу 9 жашар баланын өмүрүнө забын болду

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүЖолду өтүп бараткан бала. Архив
Жолду өтүп бараткан бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя болгон учурда маршрутканын ичинде жүргүнчү бар экени айтылды.

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Бишкекте №281 маршрутканын айдоочусу 9 жаштагы баланы сүзүп, кайра тебелеп кеткенин шаардык милиция билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык жума күнү саат 14.20ларда Фрунзе менен Каховский көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

"2009-жылкы бала ооруканага жеткирилген. Бирок тестиер алган жараатынан эсине келбей жатып каза болуп калды", — деп айтылат кабарда.

Окуя болгон учурда маршрутканын ичинде жүргүнчү бар экени айтылды. Алдын ала маалымат боюнча айдоочу баланы жол чийинден койдуруп, кайра тебелеп да кеткен. Кырсык болгонун аңдабай, унааны узап барып токтоткон.

Бардык материалдар тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп, иликтөө башталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0