Таласта дарыгердин шалаакылыгынан келиндин боюнан түштүбү? Окуянын чоо-жайы

CC BY-SA 2.0 / Jerry Lai / PregnantКош бойлуу аял. Архив
Кош бойлуу аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кара-Буура аймактык ооруканасынын кызматкери кош бойлуу келиндин саламаттыгы жайында экендигин айтып жаткырган эмес.

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Таласта дарыгер-гинекологдун көңүлкоштугунан улам 29 жаштагы кош бойлуу келиндин төрт айлык боюнан түшүп калды. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине жабырлануучунун жолдошу Азамат Калматов билдирди.

Анын айтымында, кечээ, 18-августта, жубайы Айнура Шаршекееванын ичи ооруп айылдык ооруканага, ал жактан майнап чыкпаганда аймактык ооруканага барышкан. Мекемедеги дарыгер-гинекологдордун бири жубайынын ден соолугунда коркунуч жок экендигин айтып үйүнө жиберген. Бирок келинчеги ошол эле күнү өзүн жаман сезип, боюнан түшүп калганын айтат.

"Өзүбүз Бишкекте турабыз. Бир ай мурда Таласка атамдыкына келгенбиз. Келинчегим шаарда күн ысыкта кыйналбасын деп айылган каттоого тургузгам. Мурдагы күнү кечинде ичи ооруп баштады. Өзүнүн шаардагы гинекологуна чалса анализ тапшыр дептир. Эртеси Аманбаев айылдык ооруканасына барсак "лаборант жок, биринчи күнү келгиле" деди. Анан Кара-Буура аймактык ооруканасына бардык. Гинеколог УЗИге түшүрүп көрүп, баары жакшы, коркунуч жок, үйүңөргө кете бергиле деген. Үйгө барганда келинчегимден кан кете баштады. Айыл менен райондун ортосу бир сааттык убакыт эле, орто жолдон боюнан түшүп калды", — деди Калматов.

Калматов учурда окуя көз жаздымда калып кетпесин деп ар тараптан акыйкаттык издеп жаткан кези.

Беременная женщина в Вертоу - Sputnik Кыргызстан
Толгоо келип, суу кетип жатат! Кош бойлуу каттоосу жок төрөтканага бара алабы?
"Милицияга арыз жаздык, ыкчам иликтөө тобу экспертизага түйүлдүктү алып кетти. Бала төрт айлык болуп калган, эркек экен… Жөн койсом дарыгерлер тааныш-билишке салчудай. Кечээ гинеколог чалып "арыз жазбай эле койбосуңарбы" дейт. Кантип жазбай коем? Орой айтканда алар шалакаылыктын айынан баламды өлтүрүп коюп жатышпайбы. Азыр келинчегим дене табы 40 градуска көтөрүлүп ооруканада жатат. Гинеколог ден соолугун сурап келген да жок, эртеден бери чалып байланыша албай жатам", — деди жабырлануучунун жолдошу.

Ошондой эле Калматов башкы прокуратура жана Саламаттык сактоо министрлигине кайрыла тургандыгын кошумчалады.

Окуя боюнча милицияга арыз түшкөнүн Талас облусунун ички иштер башкы башкармалыгынан такстыкташты.

"Бүгүн Айнура Шаршекеева аттуу жарандан арыз түштү. Ал Кара-Буура аймактык ооруканасынын кызматкерлерине карата доо менен кайрылган. Учурда ыкчам иликтөө иштери жүрүп жатат", — деди мекеменин басма сөз кызматынын ага инспектору Динара Сарногоева.

Ал эми кош бойлуу келинди кабыл алган дарыгер-гинеколог менен байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Чалганыбызда телефонун бирде албай, бирде өчүрүп коюп жатты.

P.S. Редакция окуянын мындан ары өрчүшүнө көз салып турат. Экинчи тараптын да оюн берүүгө даярбыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0