Салтанат Саматовага куран окутабыз деп акча тапкысы келген шылуундар чыкты

Жазылуу
Учурда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы аталган факты боюнча тактоо иштерин жүргүзүүдө.

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Журналист Эркин Рыскулбеков өзүнүн Facebook баракчасына маркум Салтанат Саматованын атын колдонуп шылуундар акча табууга аракет жасап жаткандыгын жазды.

Рыскулбековдун айтымында, жакында эле сөөгү жерге берилген алып баруучу Салтанат Саматовага куран окутуу үчүн деп 1500 сомдон чогултуп жаткандар чыкты.

"Мындай билдирүү ырчы Талас Амантуровго келген экен. Анда "1500 сомдон чогултуп кыргыз драма театрында Саматовага куран окутабыз" деп жазылган. Мен театрга чалып тактасам андай иш-чара болбойт экен. SMS жибергендерге чалсам албай жатат. Минтип маркумдун атын жамынып акча табуу такыр туура эмес. Менимче алар түрмөдө отуруп алып элди алдагандар болуш керек. Алардын кылтагына башкалар илинип калбасын деп социалдык тармактарга бөлүштүм", — деди Рыскулбеков.

Ал эми ырчы Талас Амантуров шылуундар телефонго бирдик салууну өтүнүшкөнүн айтты.

Радио жана теле алып баруучу Салтанат Саматованын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Телерадио жылдызы. Салтанат Саматова тууралуу 7 факты
"Билдирүү чоочун номерден келген. Кийин телефон чалып "акча чогултуп жатабыз" деди. Азыр акчам жок экенин айтып, жарымын берип турайын десем "ушул номерге бирдик салып койсоңор болот" деди. Ошондо шек санап чыгармачыл инсандардын WhatsApp тайпасына бөлүштүм", — деди аткаруучу.

Ал укук коргоо органдарына кайрылбай тургандыгын кошумчалады.

Аталган факты боюнча учурда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы тактоо иштерин жүргүзүүдө.

Эске сала кетсек, белгилүү алып баруучу Салтанат Саматова 15-августта узакка созулган оорудан улам көз жумган.

Жаңылыктар түрмөгү
0