Бишкектеги ресторанда массалык уулануу болуп, 42 адам жабыркады

© Sputnik / Акылбек БатырбековВид на гостиницу "Ак-Кеме" с высоты
Вид на гостиницу Ак-Кеме с высоты - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Анын ичинен экөө ооруканага жатты.

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Жума күнү Бишкектеги "Ак-Кеме" мейманканасынын алдындагы ресторандын коноктору массалык түрдө ууланды. Бул маалыматты Sputnik агенттигинин кабарчысына Саламаттык сактоо министрлигинин консультанты Елена Баялинова тастыктады.

Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына түнкү саат үчтө 42 адам кайрылган. Анын ичинен экөө ооруканага жатты.

Уулангандардын баардыгы ЮНИСЕФтин волонтерлору үчүн тренингге катышкандар экени айтылды. 

"Волонтерлорго өз убактысында медициналык жардам көрсөтүлүп, оорукананын эсебинен тиешелүү анализдер алынды", — дешти ЮНИСЕФтин байланыш бөлүмүнөн.

Учурда бардык уулангандардын абалы канааттандырарлык. Уулануунун себептери аныкталып жатат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0