Бишкекте Daewoo Matiz коюп кеткен эркек киши ооруканада каза болду

© Sputnik / Мария Савченко / Медиабанкка өтүүГорода России. Чекалин
Города России. Чекалин - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Милиция кызматкерлери азырынча маркумдун аты-жөнүн билбей жатышат.

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Бишкекте Daewoo Matiz унаасынын 30 жаштагы айдоочусу жол чийинден өтүп бара жаткан эркек кишини коюп кетти. Бул туурасында Бишкек ШИИБдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан кабарлашты.

ДТП на пересечении улиц Орозбекова в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги кооптуу кесилиш! Бир күндө дагы эки жол кырсык болду. Сүрөт
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 24-августта болжол менен саат 8.30да Тоголок Молдо жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

Жаракат алган киши ооруканага жеткирилгенден кийин үзүлгөн. Милиция кызматкерлери азырынча маркумдун ким экенин билбей жатышат. Жанында эч кандай документи болгон эмес. Сырткы көрүнүшүнөн ал 45-50 жашта экени болжолдонуп жатат.

Ал эми айдоочунун мас абалында эместиги далилденди. Унаасы айып короого киргизилип, тергөө иштери жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0