Бишкекте жергиликтүү эл граната таап алды

Жазылуу
Адистердин айтымында, аталган согуш куралы аймакта бир жылга жакын убакыт жаткан.

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Борбор калаанын "Киркомстром" районунда жергиликтүү эл жөө аскерлерге каршы колдонулуучу граната таап алган. Бул туурасында Бишкектеги ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Гранатаны 24-августта жергиликтүүлөр кеч курун кароосуз калган чуңкурдан аскердик бул куралды таап алышканын айтышкан. Окуя болгон аймакка Ленин райондук милициясынын кызматкерлери менен атайын адистер чыгып кеткен. Алар аталган аймакты курчоого алып, саперлор ал жерден гранаты дыкаттык менен алып кетишкен.

Адистердин айтымында, аталган согуш куралы аймакта бир жылга жакын убакыт жаткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0