Токмок: мелдеште көз жумган өспүрүмдүн өлүмүн милиция иликтеп жатат

CC BY 2.0 / M&R Glasgow / Boxing glovesСоревнования по боксу
Соревнования по боксу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Укук коргоочулар жаш спортчунун өлүмүнө алып келген себептерди издөөдө.

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Милиция Токмок шаарындагы кикбоксинг боюнча мелдештен кийин каза болгон 14 жаштагы баланын өлүмү боюнча иликтөө ишин жүргүзүп жатат. Бул тууралуу Чүй ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти.

Укук коргоо органдарынын маалыматына караганда, каргашалуу окуя 19-август күнү болгон. Саат 12.45те нөөмөт бөлүмүнө аймактык ооруканада өспүрүм көз жумганы тууралуу маалымат түшкөн

Жерине барган ыкчам-иликтөө тобу жаш бала Ош облусунан Токмок шаарына спортчу Руслан Абасовду эскерүү үчүн уюштурулган кикбоксинг боюнча мелдешке келгенин аныктаган.

"Жаш спортчу биринчи эле раундда атаандашынан бир нече сокку алып, эс-учун жоготуп койгон. Ошол жерден ага спорттук мектептин дарыгери алгачкы медициналык жардам көрсөтүп, андан соң аймактык ооруканага жеткиришкен. Өспүрүм байтапканадан көз жумган", — деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, иликтөө жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0