"Кант" авиабазасынын аскери баласы менен бараткан аялды коюп кетти

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүПередача машин скорой медицинской помощи Свердловской области
Передача машин скорой медицинской помощи Свердловской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кырсык 27-августка караган түнү болгон. Аял алган жаракатынан улам ооруканага жетпей каза болду.

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Чүй облусуна караштуу Лебединовка айылында 27-августка караган түнү Россиянын мамлекеттик номери тагылган Hundai Tucson үлгүсүндөгү унаа эне-баланы коюп кетти. Бул тууралуу Чүй ОИИББден маалымдашты.

"Кырсык болгондон кийин жабырлануучулар ооруканага жеткирилген. Бирок аял алган оор жаракатынан улам ооруканага жетпей көз жумган. Ал эми баланын абалы тууралуу азырынча маалымат жок, аны дарыгерлер көзөмөлдөп жатат", — деп милициядан кабарлашты.

Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин биринчи катчысы Виктор Харченко Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына жол кырсыгына себепкер болгон айдоочу ЖККУнун Канттагы авиабазасында кызмат өтөгөн аскер кызматкери экенин тастыктады. Азырынча анын кызматтык чини жана ээлеген кызматы белгисиз.

Тийиштүү материалдардын бардыгы тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп, экспертизалар дайындалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0