Сот залындагы аял. Архив

Ош: ымыркайын тумчуктуруп өлтүрмөк болгон келин 12,5 жылга кесилди

750
(жаңыланган 19:51 29.08.2018)
Ош: ымыркайын тумчуктуруп өлтүрмөк болгон келин 12 жылга кесилди

ОШ, 29-авг. – Sputnik. Ош шаарында бала бакчалардын биринде өзүнүн 1 жаш 4 айлык баласын жаздык менен тумчуктурууга аракет жасаган 26 жаштагы келин 12 жыл 6 айга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Ош шаардык сотунун маалымат кызматы билдирди.

Эске сала кетсек, 2018-жылдын 19-июнунда калаадагы бала бакчалардын биринде 26 жаштагы келин ымыркайын жаздык менен тумчуктурууга аракет жасаган. Наристе бала бакчанын кызматкерлери тарабынан куткарылган.

Шаардык милициянын берген маалыматына ылайык, кылмышка шектелген аял 48 саатка камакка алынып, Кылмыш жаза кодексинин 28 жана 97-беренелеринин (адам өлтүрүүгө аракет жасоо жана адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголгон.

Келин мындай кадамга турмуштук шарты себеп болгонун айтып берген. Жакындары каралашпай, күйөөсү менен ажырашып кеткенин, жокчулуктан кыйналганын жүйө келтирген. Ал алгач уулун, андан соң өзүн өзү өлтүрүүнү пландаштырган.

750
Белгилер:
ымыркай, бала бакча, Ош шаары
Тема боюнча
Ош: 1,5 жаштагы уулун тумчуктуруп өлтүрүүгө аракеттенген келин камалды. Чоо-жайы
Баласын тумчуктуруп, андан соң өзүн өлтүрмөй болгон. Сот келинди камакта калтырды