Өзбекстан: Кыргызстанга 5,3 млн. доллар алып келе жаткан үч киши кармалды

© AP Photo / Saraland Police Department via Press-RegisterОтмывание денег в США
Отмывание денег в США - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган факты боюнча кылмыш иши козголду.

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын өкүлдөрү Кыргызстанга 5,3 миллион долларды аткезчилик жолу менен алып чыгууну пландап жаткан жарандарды кармады. Бул тууралуу "Өзбекстан 24" телеканалына шилтеме берип Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды. 

Аталган кызматтын Андижан региону боюнча башкармалыгынын ыкчам тобу Кыргызстан менен чектешкен айылынын үч жаранын колго түшүргөн. Алар унаа менен коңшу өлкөгө 5,3 миллион доллар алып өтүүгө аракет кылышкан.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголду.

Жаңылыктар түрмөгү
0