Панкратовдун сууга чөгүп кеткен экс-кеңешчисинин сөөгү 42 күндөн кийин табылды

© Sputnik / Олег Ласточкин / Медиабанкка өтүүЖемчужина Киргизии
Жемчужина Киргизии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Милиция маркумдун сөөгүн өлүкканага алып кеткен.

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Экс-вице-премьер Олег Панкратовдун кеңешчиси, кызды куткарам деп сууга чөгүп кеткен Александр Стручалиндин сөөгү табылды. Бул туурасында Ысык-Көл облустук милициясынан кабарлашты.

Сөөк кырсык болгон Жети-Өгүз районундагы "Натали" пансионатынын аймагынан табылган.

"Стручалиндин сөөгүн суу жээкке алып чыгып салыптыр, аны жергиликтүү эл таап, милицияга кабарлаган. Учурда маркумдун сөөгү өлүкканага жеткирилди", — деп кабарлашты милициядан.

Эске салсак, Стручалин үй-бүлөсү менен Жети-Өгүз районундагы аталган пансионатта эс алып жүргөн. 23-июль күнү болжол менен саат 12.00дөр чамасында ошол арада кыз айдап жүргөн скутердин мотору өчүп, суунун ортосуна калган. Адамдын кооптуулукта турганын көргөн Стручалин суунун ортосун көздөй сүзүп жөнөп, жарым жолго жеткенде жок болуп кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0