Россияда 21 жаштагы кыргызстандыктын башына бетон кулап каза тапты

© Sputnik / Сергей Венявский / Медиабанкка өтүүРабота Комбината строительных материалов №1 в Ростове-на-Дону
Работа Комбината строительных материалов №1 в Ростове-на-Дону - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган факты боюнча кылмыш иши козголду.

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Москвада 21 жаштагы кыргызстандык жаран каза болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен кабарлашты.

Рассмотрение ходатайства следствия об аресте подозреваемого в убийстве сотрудника полиции - Sputnik Кыргызстан
Полиция кызматкерин атууга шектелген Муратов Баткен окуясына катышкан эмес, дени соо
Билдирүүгө ылайык, 1997-жылы туулган жигиттин башына бийиктиктен ыргытылган курулуш таштандысы, тагыраагы бетондун блогу түшкөн. Жабырлануучу алган жаракатынан улам каза тапкан. Кырсык болгондон кийин жумуш берүүчүлөр жабыркаган тарапка компенсация төлөп берген. Ошондой эле курулуш таштандысын ыргыткан фирма дагы тийиштүү акча каражатын төлөгөн.

Элчилик тиешелүү документтерди даярдап анын сөөгүн 7-сентябрда Ош шаарына жөнөткөн.

Кырсык боюнча Россиянын Тергөө комитетинин Москва шаары боюнча тергөө башкармалыгынын Зюзинский район аралык тергөө бөлүмү кылмыш ишин козгоду.

Жаңылыктар түрмөгү
0