Элчилик: Москвада унаа тебелеген кыргызстандыктардын бири каза болду

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүОоруканадагы адам. Архив
Ооруканадагы адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя болгон жерде тогуз киши жабыркап, бешөө ооруканага түшкөн.

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Москва шаарындагы Новочеркасский бульварында унаа менен тебелетилген кыргызстандыктардын бири көз жумду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин маалымат катчысы Гүлбарчын Байымбетова билдирди.

"Окуяда бир жаран көз жумду. Негизи кырсык болгон жерде тогуз киши жабыркаган. Алардын бешөө ооруканада. Бирок абалдары боюнча так маалымат айтыла элек. Элчиликтин жана Ички иштер министрлигинин Москвадагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери иликтөө иштерин жүргүзүүдө", — деп айтылат билдирүүдө.

Ал кошумчалагандай, жабыркагандардын бардыгы Кыргызстандын жарандары.

Эске салсак, жекшемби күнү эртең менен Москванын Новочеркасский бульварында өзүнүн бир нече мекендешин унаа менен койдурду деп шектелген 21 жаштагы Бекжан С. аттуу жаран кармалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0