Ош облусунун прокурор орун басары Төрө Кожошев өмүрүн кыйды

Жазылуу
Окуяны Башкы прокуратура териштирип жатат.

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Ош облусунун прокурорунун орун басары Төрө Кожошев өз өмүрүнө кол салганы тууралуу маалыматты Башкы прокуратура тастыктады.

Кабарда Кожошевдин 10-сентябрга караган түнү асынып калганы айтылат. Азырынча маркум мындай кадамга эмнеге барганы белгисиз.

Башкы прокуратура окуянын чоо-жайы такталып жатканын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0