Ош: прокурордун орун басарынын сөөгү өз үйүнөн табылды

© Sputnik / Табылды КадырбековПожар в бизнес-центре "Каухар" на Орто-Сайском рынке
Пожар в бизнес-центре Каухар на Орто-Сайском рынке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маркум беш баланын атасы болгон.

ОШ, 10-сен. – Sputnik. Өмүрүнө кол салып көз жумган Ош облусунун прокурорунун орун басары Төрө Кожошевдин сөөгү Кара-Cуу районундагы Фуркат айылында өз үйүнөн табылды. Маркум бүгүн аталган райондун Баш-Булак айылында атасынын үйүнөн акыркы сапарга узайт. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди.

Ага ылайык, милицияга 10-сентябрь күнү саат 9:30 чамасында билдирүү түшкөн.

"Фуркат айылындагы үйлөрдүн биринде эркек кишинин асылып тургандыгын кабарлашкан. Ыкчам тергөө тобу барган мезгилде маркум Ош облусунун прокурорунун орун басары Төрө Кожошев экендиги белгилүү болгон. Ал өз үйүндө асынып алган. Маркумдун өлүмүнүн себептери иликтенип жатат. Окуя болгон жерде Кара-Суу райондук милициясынын жана облустук милициянын эки тобу иш алып барууда", — деди Аширбаев.

Ал кошумчалагандай, 54 жаштагы Кожошев беш баланын  атасы болгон. Ал эми Ош облустук прокуратурасы бул ишти иликтөөнү көзөмөлгө алууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0