Атайын сүзгөн. ИИМ Москвадагы кыргызстандыктар кабылган кырсык тууралуу

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүЦеремония открытия нового здания МОТОТРЭР ГИБДД УВД по ЮАО г. Москвы
Церемония открытия нового здания МОТОТРЭР ГИБДД УВД по ЮАО г. Москвы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бардыгы 10 адам жабыркап, 21 жаштагы жаран ооруканада көз жумган.

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Москвада унаага тебеленген кыргызстандыктар боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Кыргызстан ИИМинин Россиядагы өкүлчүлүгү билдирди.

Брата били головой о машину — сестра подозреваемого в наезде в Москве. Видео - Sputnik Кыргызстан
Москвадагы кырсык: айдоочунун карындашы чатак эмнеден чыкканын айтып берди
Полициянын маалыматына караганда, Москванын Новочеркасский бульварындагы кафеде кыргызстандыктар ортосунда чатак чыккан. Мындан көп өтпөй Кыргызстанда туулган жигит бир нече мекендешин унаа менен койдуруп кетти деп шектелип кармалган. Кырсыктын жыйынтыгында бир адам каза болуп, дагы бир канчасы ооруканага жаткырылган

Кийин Кыргызстандын Москва шаарындагы элчилиги шектелип жаткан 21 жаштагы Бекжан Сарбишев Кыргызстанда төрөлгөнү менен Россиянын жараны экенин айткан. 

"Алдын ала маалыматтарга караганда, Сарбишев туугандары менен "Аура" түнкү клубунда карындашынын туулган күнүн белгилеп жаткан. Ошол маалда карындашы менен анын курбуларына бейтааныш эркектер тийишкен. Агасы кыздарга болуша кетип, ортодо чатак чыккан. Бирок алар көчөгө чыгып "сүйлөшкөндөн" кийин тынчып калышкан", — деп айтылат билдирүүдө.

Өкүлчүлүктүн алдын ала маалыматына караганда, Сарбишев жини менен кетип калган мекендештерин көчөдөн күтүп, чыккан кезде унаасын аларды көздөй айдаган. Айдоочу ошол учурда соо болгону тергөөдө аныкталды.

Боо түшкөн жарадарлар! Москвадагы кырсыктан кийинки видео - Sputnik Кыргызстан
Боо түшкөн жарадарлар! Москвадагы кырсыктан кийинки видео
"Жыйынтыгында 10 адам жабыркаган. Алардын бири бойго жете элек жаран болсо, экөөнүн ким экени такталууда. Ал эми 21 жаштагы Амантур Абдисамат уулу алган жараатынан улам Москва шаарындагы №68 ооруканада көз жумган", — дешти өкүлчүлүктөн.

Ошол эле күнү шектелүүчү Сарбишевге карата Россиянын Кылмыш жана жаза кодексинин 105 (Адам өлтүрүү) жана 30-беренелери (Жалпыга коркунуч жаратуучу жол менен эки же андан көп адамдын өмүрүнө кол салуу) менен кылмыш иши козголгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0