Муштум. Архивдик сүрөт

Москва: Сарбишевдин элди тебелегенге чейин ур-тепкиге алынган видеосу тарады

8182
(жаңыланган 20:25 11.09.2018)
Москвада кыргызстандыктарды тебелетип кетти деп камакка алынган Бекжан Сарбишевди кырсыкка чейин топтошкон балдар уруп жаткан видеону НТВ каналы чыгарды. Бул туурасында аталган канал репортаж жасаган.

Видео Instagram баракчага жарыяланды.

Тасмадан көчөдөн бир нече кишинин жалгыз адамды уруп, тээп жаткандыгын көрүүгө болот. Бир нече ирмемдерден кийин ал жерге кулаган.

Буга чейин Москва шаарында мекендештерин тебелетип кетти деп камакка алынган Бекжан Сарбишев чатактын эмнеден келип чыкканын айтып берди. Жигит менен РЕН ТВ журналисти сүйлөшкөн

Эскерте кетсек, 9-сентябрь күнү эртең менен Москванын Новочеркасский бульварында өзүнүн бир нече мекендешин унаа менен койдурду деп шектелген 21 жаштагы Бекжан Сарбишев аттуу жаран кармалган. Кырсыктын кесепетинен тогуз киши жабыркап, бешөө ооруканага түшүп, дагы бирөө каза тапкан.

Сарбишевдин айтымында, карындашынын туулган күнү өтүп жаткан кафеге түнкү саат 3-4төрдө бир нече киши келип, эмне болуп жатканын сураган. Майрам болуп жатканын айтып, ошол жерден чыр чыккан да, жигиттер тарап кетишкен. Бирок саат 5те жаңжал сыртта уланып, жигитти сабап салышкан.

8182
Белгилер:
өлүм, кырсык, Мигрант, Россия, Москва
Тема:
Москвада унаага тебеленген кыргызстандыктар (17)
Тема боюнча
Атайын сүзгөн. ИИМ Москвадагы кыргызстандыктар кабылган кырсык тууралуу
Москвадагы кырсык: айдоочунун карындашы чатак эмнеден чыкканын айтып берди
Москвадагы элчилик: беш кишинин абалы оор
Москва: мекендештерин унаа менен койдурду деп шектелген адамдын тек-жайы аныкталды
Пикирлер