УКМК: Мамкаттоо кызматынан мыйзам бузуулар табылды

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүДенежные купюры
Денежные купюры - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мыйзам бузуу болгону салыктар боюнча кезексиз текшерүү маалында билинип калган.

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы мамлекеттик органдарды текшерүү маалында Мамлекеттик каттоо кызматында мыйзам бузуулар болгонун аныктаган. Бул тууралуу УКМКнын маалымат катчылыгынан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, унааны каттоо жана кайра каттоодо жарандарга кызмат көрсөткөн Маалыматтык кызматтарды көрсөтүү боюнча атайылаштырылган борбордо (Мамкаттоо кызматынын алдында — ред.) 2018-жылдын апрель-июль айларында инструкцияны бузуу менен иш алып барган учурлар болгон.

"Жыйынтыгында республикалык бюджетке 5 миллион 841 миң сом түшпөй калган. Бул тууралуу текшерүү маалында билинип калган", — деп айтышты УКМКдан.

Мындан улам аталган борбор өзүнүн карамагындагы каражаттардан (өзүн-өзү каржылаган ишкана — ред.) бөлүп отуруп, мамлекетке келген чыгымдын ордун толтурган.

Жаңылыктар түрмөгү
0