Бишкектин экс-мэри Кубанычбек Кулматовдун архивдик сүрөтү

Кулматов сентябрдын аягына чейин камакта калды

(жаңыланган 11:11 12.09.2018)
Кулматов коррупциялык иштерге барып, мыйзамсыз негизде Россиянын жарандыгын алган деп айыпталууда.

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Бишкек шаардык соту Кубанычбек Кулматовдун баш коргоо чарасы боюнча райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырып, айыпкер 28-сентябрга чейин камакта болмой болду.

Бүгүнкү сот жыйынына Кулматовдун 20га жакын жактоочусу келип, процесс жабык эшик артында өттү.

Жактоочу Сергей Слесаревдун айтымында, Кулматовдун ишинде кылмыш белгилеринин жоктугуна карабай, сот келтирилген далилдерди эске алган жок.

Адвокат эми шаардык соттун өкүмүн Жогорку сотко даттанарын билдирип, ушуну менен сотко кайрылуунун үчүнчү айлампасы жүрүп жатканын кошумчалады.

Эскерте кетсек, Биринчи Май райондук соту 24-августта экс-мэр Кубанычбек Кулматовду абакта калтыруу мөөнөтү боюнча ишти карап, аны 28-сентябрга чейин абакта калтырган болчу

Кулматов коррупция беренеси боюнча айыпталып, 18-майда кылмыш иши козголгон. Соттун чечими менен 5-июнда камакка алынган.

Укук коргоо органдарынын версиясы боюнча Кулматов Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде ТBEA компаниясы тарабынан эки мектептин курулушуна берилген 2 миллион долларды мыйзамсыз пайдаланган. Коррупциядан тышкары мыйзамсыз түрдө Россия жарандыгын алган деп да айып тагылган.

УКМК Кулматов 1995-жылдын 11-октябрында СССРдин жараны катары алган паспортун жоготуп алганына байланыштуу Россиянын паспортун алып, ошол өлкөнүн жарандыгына ээ болгонун айткан.

"Кийин 1996-жылдын 26-ноябрында Россиянын жараны болуп туруп өзүнүн СССР учурунда алган документин (жоготуп алдым деген паспортун) колдонуп Кыргызстандан дагы мыйзамсыз негизде паспорт жасатып алган. Документ Биринчи Май райондук паспорттук столдон берилген", — деп билдирген УКМК.

Бирок Россиянын Кыргызстандагы элчиси Кулматовдун жактоочусуна жооп бергенине караганда айыпталуучунун РФ жарандыгы жок.

Белгилер:
камакка алуу, сот, Кубанычбек Кулматов, Бишкек
Тема:
Кубанычбек Кулматовдун айыбы (26)
Тема боюнча
Кулматовдун адвокаты президентке ачык кайрылды
Кулматовдун камактагы мөөнөтү узартылды
Жогорку сот Кубанычбек Кулматовду камакта калтырды
Кубанычбек Кулматов дагы эки ай камакта калтырылды
УКМК Кулматовго козголгон дагы бир иштин чоо-жайын айтты
Тапанчадан атып жаткан адам. Архив

Кара-Балтада аткыланган автоунаа. ИИМ жетекчилиги окуяны көзөмөлүнө алды

(жаңыланган 12:56 20.04.2021)
Арыздануучунун айтымында, түндө катуу чыккан үн угуп маани берген эмес. Эртең менен гана автоунаасы аткыланганын көргөн.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Кара-Балтада белгисиз адамдар автоунааны аткылап кетишти. Бул тууралуу Чүй облустук ИИББден билдиришти.

Бүгүн, 20-апрелде, саат 08:00дөр чамасында Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө Б.Н. аттуу жарандын короодо токтоп турган унаасын белгисиз адамдар аткылап кеткени боюнча маалымат түшкөн. Жерине барган милиция кызматкерлерине 45 жаштагы Б.Н. түнкү саат 03:30дар чамасында катуу үн угуп, бирок маани бербегенин, эртең менен унаасын көргөндөн кийин гана милицияга кабарлаганын айткан. Toyota Camry үлгүсүндөгү унаага эки ирет ок чыгарылган.

Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси ("Бейбаштык") менен иш козголду. Тергөөнү ИИМ менен ИИББ жетекчилери көзөмөлдөөдө.

"Окуяга эмне себептен милициянын жетекчилиги көңүлүн бурду" деген суроого ИИББдин маалымат кызматы буга ок атуучу куралдын колдонулганы себеп болгонун билдирди.

ЖМКлардын маалыматына караганда, автоунаа саясий партиялардын биринин лидерине таандык. Айрым маалыматтар боюнча, кеп "Элдик-Народная" партиясын жетектеген Назми Бадалов жөнүндө болуп жатат.

Белгилер:
кылмыш иши, милиция, ок атуу, автоунаа, Кара-Балта
Тема боюнча
КЭДП Бишкек шаардык кеңешине өткөн шайлоо жарышынан четтетилди. Себеп
Айтматов проспектинде болгон жол кырсыгы

Бишкекте бир автоунаа үч машина менен кагышып, кишилер жабыркады. Видео

Учурда унаалардын бардыгы айып короого киргизилип, тийиштүү экспертиза дайындалды. Жабыркагандар тез жардам унаасы менен ооруканага жеткирилген.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Түндө Бишкекте төрт унаа кагышкан жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу кабарлады.

Кырсык болгон жердеги видео "Короче" Telegram каналына жүктөлгөн. Кадрлардан айрым унаалардын талкаланып калганын көрүүгө болот.

Окуя 20-апрелге караган түнү саат 00:41де болгон.

Анда Toyota Camry автоунаасы Айтматов проспекти менен түштүктү көздөй бара жатып, ошол эле багытта бара жаткан Mercedes-Benz үлгүсүндөгү автоунааны сүзгөн. Андан кийин каршы тилкеде келе жаткан Hyundai Porter машинасы менен кагылышып, андан ары дагы ошол эле багытта бараткан Honda Torneo унаасын сүзүп токтогон.

Натыйжада каргашадан үч киши жабыркап, тез жардам унаасы менен ооруканага жеткирилген.

Учурда машиналардын бардыгы айып короого киргизилип, тийиштүү экспертиза дайындалды. Жол кырсыгынын себептери такталууда.

Белгилер:
милиция, жол кырсык, унаа, Бишкек
Тема:
2021-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Чүйдө төрт унаа кагышып, эки адам жабыркады. Кырсыктын видеосу
Чүйдө эки унаа кагышып, жети адам жаракат алды. Видео
Россиянын президенти Владимир Путин жана АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп. Архив

Дональд Трамп: Путин мага, мен ага жакчумун

(жаңыланган 12:56 20.04.2021)
АКШнын экс-президенти убагында Россиянын лидери менен жакшы мамиледе болгонун айтып, бул жаман эмес көрүнүш экенин белгилеген.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп Россиянын лидери Владимир Путин менен болгон мамилеси жөнүндө айтып бергенин РИА Новости жазды.

Трамп Путинге жагарын белгилеген.

"Менин Путин менен мамилем абдан жакшы болчу. Мен ага, ал мага жакчу. Бул нерсе жаман эмес, тескерисинче, жакшы көрүнүш", — деген Трамп.

Москва менен Вашингтондун мамилеси 2016-жылдын соңунда, Дональд Трамп президент болуп шайлангандан кийин начарлаган. Себеби шайлоонун жүрүшүнө Москва кийлигишти делген маалыматтар тарап кеткен. Прокурор Роберт Мюллер "Россиянын кийлигишүүсү" жөнүндөгү божомолду эки жыл бою иликтеген. Кийин ал "кийлигишүү" болгонун билдиргени менен расмий Москва менен Вашингтон аны төгүндөгөн.

Белгилер:
Дональд Трамп, президент, АКШ, Россия
Тема боюнча
Байден Путиндин фамилиясын туура эмес айтып алды