Кишен. Архивдик сурөт

Быйыл 36 чет элдик депортацияланды. УКМКнын түшүндүрмөсү

94
(жаңыланган 09:14 13.09.2018)
Мындан сырткары, 51 сайт экстремисттик маанайда экени айтылып, 16сы соттун чечими менен жабылган.

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Быйыл жыл башынан бери терроризм жана экстремизмге шектелген 36 чет элдик жаран депортацияланганын парламенттин бүгүнкү жалпы жыйынында атайын кызматтын өкүлү билдирди.

Андан сырткары, жыл башынан бери 157 жаран террористик уюмдарга байланышы бар деп аныкталып, 34 жарандын аракетине бөгөт коюлган. Ошондой эле 121 жаран экстремисттик уюмдарга байланышы бар деп аныкталганы маалымдалды.

"2018-жылдын жарым жылдыгында эл аралык террордук жана диний-экстремисттик уюмдарга тиешеси бар деп 43 адам кылмыш жоопкерчилигине тартылган", — деди өкүл.

Өз кезегинде ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов экстремизм менен ИИМдин 10-башкармалыгы күрөшөрүн айтты. Ал белгилегендей, сегиз айдын ичинде 418 факты катталып, бүгүнкү күндө 234 факты боюнча кылмыш иши козголгон. Беш сайтка түрдүү кылмыш иштери козголуп, 2 факты боюнча сотко жиберилген. Андан башка 51 сайт экстремисттик маанайда деп аныкталып, 16 сайт соттун чечими менен жабылган.

Талкуунун жүрүшүндө депутат Аида Касымалиева "Таблиги жамаат" Кыргызстанда тыюу салынбаганын, андыктан бул уюмга мүчө делген КР жарандары чет жакта кармалып калса кандай чаралар көрүлөрүн сурады.

УКМКнын төрагасынын орун басары Асылбек Кожобеков өз учурунда Кыргызстан эч кандай чара көрө албай тургандыгын билдирип, учурда Россия менен Казакстанда "Таблиги жамааттын" мүчөсү делип кармалган КР жарандары бар экенин айтты.

Ал эми ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов Кыргызстандын жарандары уюм тыюу салынган мамлекетте кармалып калса, ошол мамлекеттин мыйзамы менен жоопко тартыларын белгиледи.

94
Белгилер:
экстремизм, терроризм, Асылбек Кожобеков, Курсан Асанов, Бишкек, Кыргызстан
Тема боюнча
Экстремизмдин идеологиялык сыйыртмагы же ала кушту атынан атайлы
Евразиянын дин өкүлдөрү терроризм менен күрөшүү жолдорун талкуулайт
Бычак кармаган адам. Архив

Таарынычтан улам адам өлтүргөн. Түптө эки шектүү кармалды

53
(жаңыланган 15:48 14.06.2021)
Райондук сот шектүүлөрдүн бөгөт чарасын карап, эки айга камакка алуу чечимин чыгарды. Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тергөө иштери уланып жатат.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Кутургу айылында адам өлтүрүүгө шектелип эки адам кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ИИБдин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, 3-июнь күнү Түп РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө айылдагы эски тегирмендин жанынан азият улутундагы эркек адамдын сөөгү табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Факты Түп райондук ИИБдин бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 130-беренеси ("Адам өлтүрүү") боюнча катталган.

"Окуя болгон жерге райондук милициянын ыкчам-тергөө тобу барып, эркек кишинин кыйноо жолу менен өлтүрүлгөнүн аныкташкан. Маркум 39 жаштагы Е.К. аттуу ошол эле айылдын тургуну экени маалым болгон. Кийинчерээк ыкчам-иликтөө иштеринин жыйынтыгында негизги шектүү колго түшүрүлгөн. Ал дагы ошол эле айылдын тургуну 36 жаштагы Б.Н. аттуу адам болуп чыкты. Сурак учурунда шектүү көптөн берки таарынычынан улам кылмышка барганын айткан. Кийинчерээк ага жардам берген деген айып менен Ак-Булуң айылынын 62 жаштагы тургуну кармалган. Колго түшүрүлгөн киши өлтүрүлгөн Е.К. аттуу адамды үйүнө чакырып бергенин айткан", — деп жазылат маалыматта.
Подозреваемые в убийстве мужчины в Тюпском районе Иссык-Кульской области
© Фото / пресс-служба УВД Иссык-Кульской области
Шектүүлөр

Райондук соттун чечими менен кармалгандардын баш коргоо чарасы каралып, экөө тең эки айга камалышкан. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тергөө иштери уланып жатканы кошумчаланды.

53
Белгилер:
кылмыш, факты, шектүү, адам өлтүрүү, Түп, Ысык-Көл облусу
Тема боюнча
Унаасын алып, 300 миң сом талап кылган. Ошто Женгонун жакын адамы кармалды
Бишкекте энеси менен кызын өлтүрүүгө шектелип өспүрүм кармалды
Кишенчен кармалган киши. Архив

Унаасын алып, 300 миң сом талап кылган. Ошто Женгонун жакын адамы кармалды

70
(жаңыланган 15:26 14.06.2021)
Т.И.М. аттуу киши башында турган Досоновдун кылмыштуу тобунун мүчөлөрү бир жаранды күчкө салып шаардын четине алып барышкан.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Ош шаарында бир жарандын автоунаасын тартып алып, 300 миң сом талап кылган деп кримтөбөл Кадыр Досоновдун (Женго) жакын адамы кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Задержанный активный член ОПГ Кадырбека Досонова, Т. И. М., смотрящий по южному региону Кыргызстана
© Фото / пресс-служба ГКНБ
Ош шаарында бир жарандын автоунаасын тартып алып, 300 миң сом талап кылган деп кримтөбөл Кадыр Досоновдун (Женго) жакын адамы кармалды

Билдирмеге караганда, Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү Т.И.М. баштаган адамдар 18-майда бир жаранды күчкө салып Ош шаарынын четине үч унаа менен алып барышкан.

"Ал жерден жабырлануучуну ур-тепкиге алып Mercedes-Benz үлгүсүндөгү автоунаасын тартып алып, "жалпы кассага" деп 300 000 сом талап кылышкан. Ошондой эле жабырлануучуну кыйнагандардын бири, Кадыр Досоновдун жеке айдоочусумун деген Р.у.А. кошумча дагы 1000 доллар опузалаган", — деп айтылат маалыматта.

Аталган факт 203-берененин 3-бөлүмү ("Опузалап талап кылуу") боюнча сотко чейинки өндүрүш ачылган. Кармалган Т.И.М. УКМКнын Оштогу башкармалыгынын тергөө абагына киргизилген.

Учурда бул иш боюнча бардык айыпталуучулардын өздүгүн аныктоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлүп жатат.

70
Белгилер:
УКМК, кармоо, Уюшкан кылмыштуу топ, Кадыр Досонов, Ош
Тема боюнча
Жер берүүдөгү коррупция. Баткенде экс-мэр баштаган кызматкерлер кармалды
Тажикстандан кууп чыгарттык. Ташиев "Дженго" кантип кармалганын айтты
Көйкашка коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков. Архив

Талантбеков: манасчылар мектебин ачуу мерчемделүүдө

0
(жаңыланган 18:05 14.06.2021)
Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков соңку учурда манасчылык мектебин ачуу зарылдыгы жетилгенин белгиледи.

Манасчылык мектебин ачуу менен эпостогу коошпостуктар жөнгө салынат. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Талантбеков: манасчылар мектебин ачуу мерчемделүүдө

Анын айтымында, буга чейин манасчылык боюнча жалгыз Тыныбек Жапый уулунун гана мектеби болгон.

"Мектептерде "Манас таануу" сабагы кирип жатканына карабастан манасчылык мектебин ачуу зарылдыгы жетилди. Тарыхта манасчылык боюнча бир эле мектеп болгон. Ал чоң манасчы Тыныбек Жапый уулунуку. Маселен, Сагынбай Орозбаков, Тоголок Молдо (Байымбет Абдырахманов), Молдобасан Бусурманкулов, Байбагыш, Деңизбай сындуу залкар манасчылар ошол мектептен өткөндүктөн, алардын "Манасында" эпостун окуясы системалуу түрдө, иреттүү, көркөм берилген. Мектептен таалим алгандар менен андан өтпөгөн манасчылардын варианты кескин айырмаланат. Бул манасчылык деңгээлдин көтөрүлүшүнө таасирин тийгизип, кийинки муунга көркөм, бай варианттагы эпосту калтырат. Албетте, ар кимдин өзүнүн варианты бар. Маселен "Манастын" — 80, "Семетейдин" 50гө чукул, "Сейтектин" 23төй варианты айтылып жүрөт. Ушулардын ар биринин сюжетинде айырмачылык бар. Эл кайсынысын кабылдап, кимисиникин туура деши керек? Бул бир мектептен окубагандыктан улам келип чыгууда. Мына ушул кемчиликти жоюп, системалуу түрдө иш алып баруу үчүн манасчылык мектебин ачуу мерчемделүүдө", — деди Талантбеков.

Ошондой эле мектептен окууну каалагандар азыртадан даярдык көрүп баштоосу керектигин кошумчалады.

0
Белгилер:
эпос, мектеп, Манас эпосу, Нурбек Талантбеков
Тема боюнча
Манасчы Баянгали Алимжанов үчилтикти бириктирип казак тилинде китеп чыгарды