Улан Саляновдун өлүмүнө тиешеси бар делген үчүнчү киши Россиядан кармалды

© Sputnik / Антон Денисов / Медиабанкка өтүүТверской суд выдал санкцию на арест В.Степанова
Тверской суд выдал санкцию на арест В.Степанова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шектүүнүн кайда жүргөнү август айында аныкталып, криминалдык милицияга КР ИИМ менен Россиянын Федералдык коопсуздук кызматы биргеликте жардам берген.

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Аида Салянованын иниси Улан Саляновду өлтүрүүгө катыштыгы бар деген үчүнчү шектүү жаран Россиядан кармалганын КР ИИМдин маалымат кызматы билдирди. 

© Фото / Пресс-служба МВД КРАида Салянованын иниси Улан Саляновду өлтүрүүгө катыштыгы бар деген шектүүлөр
Подозреваемые в убийстве брата экс-генпрокурора Улана Салянова - Sputnik Кыргызстан
Аида Салянованын иниси Улан Саляновду өлтүрүүгө катыштыгы бар деген шектүүлөр

Кармалган жаран 1983-жылы туулган, Россиянын жарандыгын алган. Анын кайсы жерде жүргөнү август айында аныкталган. ИИМдин билдиришинче, ал жасагандарын моюнга алып, учурда аны Кыргызстанга алып келүү маселеси чечилип жатат.

Шектүүнү кармоого КР УКМКсы, ИИМ жана Россиянын федералдык коопсуздук кызматы жардам берген.

Как застрелили брата Аиды Саляновой, рассказал подозреваемый. Видео допроса - Sputnik Кыргызстан
Кармалган шектүү Улан Саляновдун кандайча атылганын айтып берди
Эске салсак, 2017-жылдын 6-ноябрга караган түнү болжол менен саат 2.30дарда мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын иниси Улан Саляновду өз үйүнөн атып кетишкен

Ошол эле жылдын 27-декабрында бул кылмышка шектүү катары Бишкектин 31 жаштагы жараны кармалган. Анын жанынан Саляновго ок атылган курал табылган.

Кийин Москва шаарында экинчи шектүү колго түшүрүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0