ИИМ бала саткан гинекологдор тууралуу: СИЗОдогу үчөөнөн жасалма мөөр табылды

© AP Photo / Ariel SchalitРоддом в Сураски Тель-Авива
Роддом в Сураски Тель-Авива - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ИИМдин маалыматына караганда, учурда үч гинеколог тергөө абагында.

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Бала сатууга шектелип кармалган үч гинеколог учурда тергөө абагында кармалууда. Аларга карата дагы бир кылмыш иши козголду. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Японский университет судебной медицины Чиба - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте эки кыздын бөйрөксүз сөөгү табылдыбы? Милициянын жообу
Буга чейин Криминалдык милиция кызматынын өкүлдөрү бала сатууга шектелген эки гинекологду колго түшүргөнү маалымдалган.

Кийинчерээк укук коргоо органдарындагы ишенимдүү булак Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына балдарды сатууга жалпы жонунан сегиз дарыгер шектелип жатканын айткан. Такталбаган маалымат боюнча унаа багажнигинен бойдон алдырган балдардын сөөгү табылган.

ИИМ буга чейин айтылган билдирүүлөрдү тастыктап, кылмыш иштин алкагында кармалгандар бар экенин, ушу тапта тергөө жүрүп жатканын айтып келсе, эми айрым маалыматтарды бере баштады.

"Тергөө учурунда кармалган үч гинеколог балдарды сатууда жасалма мөөр менен бланка колдонушканы аныкталды", — дешти милициядан.

Аталган факты боюнча СИЗОдо жаткан үч гинекологго карата Кылмыш жаза кодексинин 350-беренеси (жасалма документтерди даярдоо, колдонуу) боюнча кылмыш иши козголду. Тергөө амалдары уланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0