Сейсмограф. Архив

Ысык-Көлдө жер титиреди

153
(жаңыланган 16:29 16.09.2018)
Жердин силкингени Тоңдун айылдарында сезилген.

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун аймагында таңкы саат 4.15те жер титирегенин ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, силкинүүнүн күчү очогунда 4 баллга жеткен. Жердин титирегени Тоң районунун Туура-Суу, Темир-Канат, Бөкөнбаев, Төрт-Күл, Кажы-Сай, Тогуз-Булак, Тамга жана Дөң-Талаа айылдарында сезилген.

Такталган маалымат боюнча силкинүүдөн эч ким жабыр тарткан эмес.

153
Белгилер:
жер титирөө, ӨКМ, Ысык-Көл
Тема боюнча
ӨКМ "Мадина" базарындагы өрттүн кесепети тууралуу
Пикирлер