Сойкулук менен алектенген кыз. Архивдик сүрөт

ЖМК: Түркияда кыргызстандык кыздар сексуалдык кулчулуктан бошотулду

1465
(жаңыланган 21:34 21.09.2018)
Азербайжандык аялдар шаардагы мейманканалардын биринин ээси менен сойкукана уюштурган.

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Түркиянын полициясы кыргызстандык жана өзбекстандык кыздарды сойкулукка мажбурлоого шектелгендерди колго түшүрдү. Бул тууралуу Haberler сайты жазып чыкты.

Уюштурулган атайын рейд учурунда полиция кызматкерлери Анталиядан алты адамды (алардын үчөө аял) кармаган. Ал эми Манавгат шаарынан мейманканалардын биринин жетекчиси менен сүйлөшүп алып сойкулардын жайын уюштурууга шектелген азербайжандык аялдарды колго түшүргөн. Кийин шектүүлөр кыргызстандык жана өзбекстандык кыздарды денесин сатып иштөөгө мажбурлап келишкени аныкталган.

Рейддин алкагында укук коргоо органдары кулчулуктан 10 кызды куткарган. Алардын үчөө түркиялыктар болсо, жетөө башка өлкөдөн келгендер. Алар Анталья округунун полициясынын миграциялык бөлүмүнө берилген.

Мейманкананын ээси менен кармалган башка жарандар кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

1465
Белгилер:
Түркия, Кыргызстан, сойкукана
Тема боюнча
Бишкекте жыл башынан бери интернеттен кардар издеген 64 сойку кармалды
Актау полициясы сойкуларды видеого тартып, аны туугандарына жөнөтүүнү көздөөдө
ӨКМ кызматкери өрт өчүрүү учурунда. Архив

Кеминде май куюучу жай өрттөнүп жатабы? Видео

51
(жаңыланган 00:46 03.08.2021)
Өрт боюнча азырынча ӨКМдин маалымат кызматынан комментарий алууга мүмкүн болбой жатат. Видео социалдык тармакка жүктөлдү.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Чүй облусунун Кемин районунда ири өрт чыкты.

Видео "Короче" Telegram каналына жарыяланды.

Күбөлөрдүн айтымында, күйүүчү май куюучу жай өрттөнүп жатат.

ӨКМдин маалымат кызматынан комментарий алууга мүмкүн болгон жок. Бирок Чүй облусунун башкармалыгынын нөөмөт бөлүмү тастыктап, эки өрт өчүрүүчү бригада чыгып кеткенин билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча, май куйган бекеттин жанында кичи автобус күйүп жатканы тууралуу чакыруу түшкөн.

Кененирээк маалымат кийинчерээк берилерин айтышты.

51
Белгилер:
Кемин, өрт, Күйүүчү май, май куюучу бекет, ӨКМ
Тема боюнча
Беловодское айылында кичи базардан өрт чыкты. Элди чуу түшүргөн видео

Жаалданган куруучу өнбөгөн карызы үчүн өзү курган тамды талкалап салды. Видео

286
Германияда көп кабаттуу үйдү салган адам акчасын төлөбөй койгондугу үчүн тамдын айнектерин жана балкондорун экскаватордун сузгучу менен талкалап салды. Муну ал өч алуу деп атаган.

Немец басылмалары окуя Блумберг шаарында болгонун жазышты. Имараттын жана анын жанындагы гараждардын чыгымы жарым миллион еврого бааланууда.

47 жаштагы "өч алгыч" субподрядчы болгон. Анын айтымына караганда, анын компаниясына 5 миллион евролук жумуштун акысын төлөп бербей коюшкан. Үй куруу үчүн башка техникаларды ижарага алып иштеткендиктен аларга да карыз болуп кеткен.

Экскаватор менен "өч алуу процессин" бүтүргөндөн кийин автоунаасына отуруп алып, полиция тилкесине барып, окуяны төкпөй-чачпай айтып берген. Тартип сактоочулар кийинчерээк ал адамдын бөтөн мүлктү талкалаганы үчүн жооп бере тургандыгын билдиришкен. Анткен менен ФГРдин мыйзамдары боюнча, ал адамдын иштери кылмыш жоопкерчилигине тартууга жол бербейт.

286
Белгилер:
Германия, курулуш, өч алуу, полиция
Тема боюнча
Иштен бошотулган киши Mercedes заводунда 50 автоунааны талкалап салды. Видео