Ысык-Көл: Каракол шаарындагы базарда өрт чыкты

Жазылуу
Өрттү өчүрүүгө жалпы төрт бөлүм тартылган.

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын Ак-Тилек базарында өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады. 

Билдирүүгө ылайык, өрт тууралуу маалымат ӨКМге 22:35те келип түшкөн. 

Мадина базарындагы кездемелер сакталган кампадан чыккан өрт беш сааттан кийин чектөөгө алынып, учурда өрттү толугу менен өчүрүү аракеттери жүрүп жатат. - Sputnik Кыргызстан
"Мадина" базарындагы бүгүнкү кырдаал. Өрттөнгөн кампанын сүрөтү
Өрттү өчүрүүгө жалпы төрт бөлүм тартылган. Кошумча маалымат берилет.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, базарды милиция кызматкерлери курчоого алып,жанында эл көп чогулган, анын ичинде ишкерлер дагы бар.

Эске салсак, 14-сентябрда Бишкектеги "Мадина" базарында да түнкү саат 22.53дө өрт катталып, жеринде алты өрт өчүрүүчү унаа жана Суу чарба башкармалыгынын төрт техникасы иштеп саат 04.07де чектөөгө алынган. Жалын 1500 чарчы метр аянтты жалмаган. Өрт кездемелер сакталган кампадан чыкканы маалым болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0