Ошто ит тиштеген 19 жаштагы жигит кутурмадан каза болду. Чоо-жайы

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүОоруканадагы бейтап. Архив
Ооруканадагы бейтап. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маркум мындан үч ай мурда окууга баратканда белгисиз ит колунан тиштеп алган.

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Ошто ит тиштеп алган 19 жаштагы жигит кутурма оорусунан каза болду. Аталган маалыматты Ош шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жана оорулардын алдын алуу борборунун башкы дарыгери Светлана Шерматова тастыктады.

Анын айтымында, маркум Ош шаарындагы Медициналык колледждин стоматология факультетинде 3-курста окуп жаткан.

"Бейтап бизге түшкөндө болжол менен июнь айынын башында эртең менен экзаменге бара жатканда көчөдөн ит колунан тиштеп алганын айткан. Анда териси гана бир аз сыйрылгандыктан жүз аарчы менен аарчып коюп окуусуна кете берген. Ошол бойдон дарыгерлерге кайрылбай каникулга чыкканда туулган жери Баткенге кетип калган", — деди Шерматова.

Андан соң ал жай бою өзүнүн айылында жүрүп, 8-сентябрда Ошко окуусун улантууга келген экен.

Шахтерский город Сулюкта в Баткенской области - Sputnik Кыргызстан
Ат-Башыда 18 адам кутурма жуктурууга шектелип вакцина алды
"13-сентябрда өзүн начар сезип, түнкү саат 23.00дөр чамасында тез жардам чакырган. Дарыгерлер аны алып келгенден кийин кутурма жугузганын аныкташат. Эртеси дарыгерлер консилиум өткөрүп, бейтапка "гидрофобия" деген диагноз коюлган. Бирок ал 16-сентябрга караган түнү болжол менен саат 02.00дө каза болуп калды. Эгер ит тиштегенден кийин дароо кайрылса, дарылап аман сактап калуу мүмкүн болчу. Жигиттин сөөгү дарыгерлердин коштоосунда айылына жеткирилип, үйүнө алып кирбей түз эле мүрзөгө барып жерге беришти", — деди башкы дарыгер.

Ошондой эле Шерматова маркумдун туугандары да көзөмөлгө алынганын белгилеп, оору адамдан адамга шилекей аркылуу да жугушу мүмкүн экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0