УКМК Кулматовдун жарандыгы боюнча өзүнүн түшүндүрмөсүн билдирди

Жазылуу
Атайын кызматтын билдиришинче Кулматов улуттук паспортту алууда паспорт столун чаташтырган.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Бишкектин мурдагы мэри жана Бажы кызматынын экс-директору Кубанычбек Кулматовдун жарандыгы тууралуу иш боюнча түшүндүрмө берди.

Тамак салып жаткан абак кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Абактагы Исаков, Артыкбаев жана Сатыбалдиев эмне жейт. Түрмөдөгү тамак-аш
Ага ылайык, Кулматов 1995-жылы 11-октябрда СССР жаранынын паспортун жоготуп, Россия жаранынын паспортун алган. УКМКнын ырасташынча, 2008-жылы Кулматов 45 жашка толгондуктан эски паспортун Россиянын жаңы паспортуна алмаштырган. Бул учурда ал КР Бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары болуп иштеп турган.

Атайын кызматтын версиясы боюнча Кулматов Россиянын жараны болуп туруп 1996-жылы 26-ноябрда убагында жоготуп алдым деген СССР жаранынын паспортун Бишкектеги Биринчи Май райондук паспорт столуна көрсөтүп, Кыргызстандын паспортуна мыйзамсыз негизде алмаштырган. Кийин 2001чи, 2003чү жана 2013-жылдары паспорттогу маалыматтарын бир нече жолу өзгөрткөн.

"Ошентип Кулматов жараксыз паспортун пайдаланып жана Ф-1 формасына жарандыгы тууралуу жалган маалыматтарды көрсөтүү менен паспорт столунун кызматкерлерин чаташтырып, 1996-жылы Кыргызстандын жаранынын паспортун алган. Башкача айтканда ал Россиянын жараны болуп туруп, Кыргызстандын да жарандыгын алган", — деп УКМК билдирди.

Абактагы адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Машыгып, тил үйрөнүп, мыйзам жазып... Абактагы атка минерлер эмне менен алек
Мыйзам боюнча жарандыкты алуу үчүн алгач башка мамлекеттин жарандыгынан чыга турганын белгилеп КР президентинин атына кат менен кайрылуу керек. Бирок Кулматов тарабынан андай кайрылуу болгон эмес.

Кулматов коррупция беренеси боюнча да айыпталып, 18-майда кылмыш иши козголгон. Соттун чечими менен 5-июнда камакка алынган.

Укук коргоо органдарынын версиясы боюнча Кулматов Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде ТBEA компаниясы тарабынан эки мектептин курулушуна берилген 2 миллион долларды мыйзамсыз пайдаланган. Коррупциядан тышкары мыйзамсыз түрдө Россия жарандыгын алган деп да айып тагылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0