Депутат Тазабек Икрамов журналистти жакалаган айдоочусу боюнча үн катты

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат ЖК Тазабек Икрамов
Депутат ЖК Тазабек Икрамов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлү Азербайжандан дүйшөмбү күнү, 24-сентябрда келет.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына бир нече автоунааны пайдалана тургандыгын айтып, ак түстөгү жол тандабастын айдоочусу боюнча окуяны шашпай тактай тургандыгын билдирди.

Эл өкүлү учурда чет өлкөдө командировкада экенин, 24-сентябрда келерин айтты.

ЖКнын алдында жалаң Жиптер го! Депутаттардын автоунааларынын баасы канча? Видео - Sputnik Кыргызстан
ЖКнын алдында жалаң Жиптер го! Депутаттардын автоунааларынын баасы канча? Видео
Терезеси караңгылатылган мамлекеттик номери 02KG 570 AAA болгон Lexus 570 үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу менен Бишкек ШИИБ ЖКККБдын инспекторлорунун окуясы 20-сентябрь күнү борбор калаанын чок ортосунда болгон. Ага Sputnik Кыргызстан агенттигинин журналисти күбө болуп телефонуна тартып баштаганда, айдоочу ага атырылып, жакалап телефонду алууга аракет кылган. Бул учурда айдоочу журналистти коркутуп, сөккөн. Алардын жаңжалына инспекторлор кийлигишип, араң ажыратып калышкан. Бирок бул учурда токтотулган жол тандабастын ичинен жүргүнчүсү чыгып, журналистке тап берип, атырылып, телефонун тартып алууга аракет кылган.  Окуя боюнча укук коргоо кызматкерлери жол тандабастын айдоочусуна протокол түзүп, унааны айып короого алып барып токтоткон.

Буга чейин Sputnik Кыргызстан агенттиги кайсы эл өкүлү кандай автоунаа менен ишке келет деген видеодо депутат Икрамов дал ушул автоунаадан түшкөн

НТС телеканалынын журналистери да ал окуя боюнча Тазабеков менен байланышкан. Анда эл өкүлү буларды билдирген.

"Бул окуя боюнча мен ЖМКлар аркылуу билдим. Бирок анын келип чыгышына ЖКККБдын инспекторлору күнөөлүү. Анткени алар караңгылатканга уруксат берген кагаздарга көңүл бурбай эле журналисттерди чакырган", — деди Икрамов.

Ошондой эле ал айдоочулар окуя ЖМКларга чыгып кетет деп коркуп, журналисттин колунан телефонду алып калууга аракет кылгандыгын кошумчалаган.

Бишкек ШИИБ ЖКККБнын маалымат кызматы окуя боюнча кызматтык териштирүү дайындалып, айдоочу жана кызматкерлердин иш-аракеттерине укуктук баа бериле тургандыгын кабарлады.

Жаңылыктар түрмөгү
0