Бурулайдын жаназасы. Архивдик сүрөт

Бурулайдын өлүмү. Шалаакылык беренеси боюнча айыпталгандардын аты аталды

479
(жаңыланган 16:00 25.09.2018)
Жабыркаган тарап сот ишин Бишкек шаарында өткөрүүнү суранган.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Кара-Балта шаарында Жайыл РИИБинин имаратында киши колдуу болгон 19 жаштагы Бурулай Турдали кызынын иши боюнча экинчи сот отуруму өттү. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине жабырлануучу тараптын жактоочусу Эсения Рамазанова билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү сот отурумунда окуя күнү нөөмөттө болгон милиция кызматкерлеринин жана тергөөчүнүн иши каралган.

"Биз жалпы Жайыл райондук соттук отурумдун курамына ишенбөөчүлүк көрсөттүк. Анткени алар процесс башталганда эле соттолуп жаткандар тарапка тартып башташты. Сотто Жайыл райондук РИИБинин беш кызматкерине Кылмыш кодексинин 316-беренесинин 2-бөлүмү (шалаакылык) боюнча кылмыш иши козголду. Алар Айткожоев Д.Т., Байтереков З.С. деген эки МАИ кызматкери, Кадышев Э.Т. деген тергөөчү жана Макеев М., Иманалиев И. Р. аттуу нөөмөт бөлүмүндөгү милиция кызматкерлери", — деди жактоочу.

Ал ошондой эле жабыркаган тарап сот ишин Бишкек шаарында өткөрүүнү сурангандыгын, сот ага макул болгондугун билдирди. Бирок азырынча кийинки процесс Бишкектин кайсы районунда жана качан өтөөрү маалым боло элек.

Эске салсак, 28-майдын түнүндө 30 жаштагы киши Чүй облусуна караштуу Жайыл районунун ички иштер бөлүмүндө ала качып алган кызын бычактап, кийин өзүнө да кол салган. Кыз алган жараатынан улам каза болуп, эркек киши ооруканага түшкөн.

Окуядан кийин Чүй милициясынын жетекчиси жумуштан айдалып, укук коргоо органдарынын башка кызматкерине дисциплинардык чара көрүлгөн.

479
Белгилер:
сот, Бурулай Турдали кызы, Чүй облусу
Тема:
Милиция бөлүмүндө бычакталган Бурулай (37)
Тема боюнча
Бурулайдын өлүмү боюнча сот иши башталды. Сүрөттөр
Бурулайды ала качкан кишинин атасы көз жумду
Шаңдуу бийлеп, бөбөктөрү менен ойногон Бурулайдын видеодо калган элеси
Саламаттык сактоо министрлиги Бурулайдын денесиндеги жазуу боюнча үн катты
Казакстандын президентинин маалымат катчысы Берик Курмангали. Архивдик сүрөт

Казакстан президентинин маалымат катчысынан COVID табылды

7
(жаңыланган 23:29 06.06.2020)
Казакстандын президентинин маалымат катчысы Касым-Жомарт Токаевдин ден соолугу таза экендигин, Ак ордо санитардык эрежелерди сактап жаткандыгын айтты.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Казакстандын президентинин маалымат катчысы Берик Курмангали коронавирус менен ооруп калгандыгын Sputnik Казакстан жазды.

"Тилекке каршы, менин коронавирус боюнча тапшырган тестим сактанган чараларга карабастан, менден оору чыккандыгын көрсөттү. Учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө, ооруканада жатам. Абалым канааттандырарлык", — деген Берик Уали.

Казакстандын президентинин маалымат катчысы Касым-Жомарт Токаевдин ден соолугу таза экендигин айтты.

"Мамлекет башчы тесттен улам өтүп турат. Ак ордо санитардык эрежелерди сактап жатат, сактануу талаптары күчөтүлгөн", — деген Уали.

Ал жалпы казакстандыктарды сактануунун жана карантиндин талаптарын сактоого чакырды.

7
Белгилер:
коронавирус, катчылык, маалымат, Касым-Жомарт Токаев, Казакстан
Тема боюнча
Путиндин маалымат катчысы коронавирустан айыгып, үйүнө чыкты
Внедорожник марки Toyota Land, водитель, которого протаранил будку с охранником в центре Бишкека

Куралы бар экен, абайлагыла! Бишкекке жакын жолдогу кинодогудай куугундун видеосу

862
(жаңыланган 23:25 06.06.2020)
Кара түстүү ири жолтандабастын калдаңдап, бирде жолдун бул тарабына, бирде экинчи тарабына чыгып, катуу ылдамдык менен бара жатканын көрүүгө болот.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Бүгүн Бишкектин борборунда күзөтчүнүн будкасын бир нече ирет талкалай сүзүп, дагы бир кызматкер менен мушташкан айдоочуну Чүй облустук ЖКККБнын кызматкерлери кантип кармаган видео тарады.

Эске салсак, ал Токтогул жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде чатак чыгарып, бир нече ирет будканы сүзүп, мушташып, андан жолтандабасын айдап жок болгон.

Көп өтпөй аны автоинспекторлор Токмок аймагынан кармады деген маалымат келип түшкөн. Айдоочунун ичип алганы жана 30 жашта экени айтылып, сүрөтү жарыяланган

Көп өтпөй кудум кинофильмге окшогон сюжеттеги видео интернетке коюлду.

"Короче" Телеграм-каналына чыккан видеодо анын Бишкек — Торугарт трассасында автоинспектордун артынан кууган эки бригадасына моюн бербей качып бара жаткандыгын көрүүгө болот. Окуяны видеого тарткан жаран комментарий берип, ал тургай ок атылганын айтканы даана угулуп турат.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Короче KG (@koroche_kg)

Кара түстүү ири жолтандабастын калдаңдап, бирде жолдун бул тарабына, бирде экинчи тарабына чыгып, катуу ылдамдык менен бара жатканын көрүүгө болот. Ал тартип сакчылардан бир топ жерге чейин качып барып, чаңды сапырылта, тегеренип барып оң тарапка токтогон.

Кадрдан чыккан үндөн "куралы бар экен, айбайлагыла" деп эскертип жатканын угууга болот.

Кинофильмдеги фрагменттерди эске салган бул видеодон тартип сакчыларынын жаракат алганы байкалган жок.

Тартип сактоо органдарындагы маалымат булактары Токмокко чейинки жолдо айдоочу бир нече блок-постторду да жөөлөй, сүзүп кеткендигин айтышты.

 

862
Белгилер:
кармоо, тартип, күзөтчү, жолтандабас, Бишкек, Кыргызстан
Тема:
2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Бишкек: Land Cruiser айдаган киши күзөтчүнүн будкасын талкалап, мушташкан видео
Бишкек: будканы талкалай сүзүп, күзөтчү менен мушташкан айдоочу кармалды. Сүрөт