Кара-Балтада 4 килограммдан ашык баңгизат алып бара жаткан айдоочу кармалды

© Фото / пресс-служба УОБДД ГУВД Чуйской областиЧүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери "Рулда" деген аталыштагы рейд маалында 4,5 килограмм баңгизат алып бараткан ВАЗ-2107 унаасын кармады
Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери Рулда деген аталыштагы рейд маалында 4,5 килограмм баңгизат алып бараткан ВАЗ-2107 унаасын кармады - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айдоочу менен жүргүнчү баңгизатты өздөрү колдонуу үчүн чогултуп жүрүшкөнүн айтышкан.

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери "Рулда" деген аталыштагы рейд маалында 4,5 килограмм баңгизат алып бараткан ВАЗ-2107 унаасын кармады.

Окуя 23-сентябрь күнү Кара-Балта шаарында болгон.

"Инспекторлор саат 20.30дар чамасында унааны токтотуп, тиешелүү документтерди текшере баштаганда, айдоочу менен жүргүнчү шектүү аракеттерди жасай баштаган. Унааны тинтүүгө алган милиционерлер спорттук сумкага салынган 4,5 килограмм баңгизатын тапкан", — деп айтылат билдирүүдө.

Сурак маалында 45 жаштагы айдоочу менен 43 жаштагы жүргүнчү баңгизатты өздөрү колдонуу үчүн чогултуп жүрүшкөнүн айтышкан. Эки жаран тең Жайыл РИИБине жеткирилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0