Бишкекте машина токтотуучу жайда иштеген кишини айдоочу сабап салды. Видео

Жазылуу
Видеону окуяга күбө болгон жаран 25-сентябрда болжол менен саат 15:00дөр чамасында тартып алган.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Бишкекте Mercedes-Benz автоунаасынын айдоочусу машина токтотуучу жайда иштеген улгайган адамды тээп-чаап сабап салган. Аларды башка киши келип ажыратып калган. Окуянын видеосу Instagram социалдык тармагына тарап кеткен.

Күбөнүн айтымында, окуя 25-сентябрда саат 15:00дөр чамасында "Мега Комфорт" соода борборуна жакын жерде болгон. Алгач айдоочу машина токтотуучу жайда иштеген кишини сүзүп кетип, андан кийин автоунаасынан чыга калып, аны тээп-чаап жиберген. Видеодо айдоочу мамлекеттик номери N1111B автоунаадан чыкканын көрүүгө болот.

Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы билдиргендей, окуянын чоо-жайын аныктоо үчүн аймактык милиция чыгып кеткен. Улгайган кишини сабаган айдоочу көрсөтмө берип жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0