Акыйкат издеп Бишкекке жөө жөнөгөн аксакалды үйүнө кайтарышты. Окуянын чоо-жайы

© Sputnik / Табылды КадырбековПовседневная жизнь в селах КР
Повседневная жизнь в селах КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сайтраим Абдилатовдун 20 жаштагы баласы адам өмүрүн алган жол кырсыгынын себепкери катары кармалган.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. 63 жаштагы аксакал Сайтраим Абдилатов унаасы менен коюп кетип киши өлтүрүүгө шектелген уулун милиция ак жеринен камап койду деп арызданууда. Мындан улам ал акыйкат издөө үчүн Баткенден Бишкекти көздөй жөө жөнөгөн видеосу социалдык тармактарга тарап, кызуу талкууга алынууда.

Ага күбө болгон Кайрат Жапаров аксакалга 25-сентябрда Кадамжай — Баткен унаа жолунун Алга айылында баратканда кезиккенин Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Жапаровдун Facebook тармагына жүктөгөн видеосунда Абдилатов баласы кырсыкка катышпаса да, милиция аны негизсиз айыптап камаганын айтууда. Айласы кеткенде акыйкат издеп борборду көздөй жөнөгөнүн билдирген. Ошондой эле жолго чыкканына үч күн болгонун белгилейт.

Дагы бир күбө Гүлзара Сыдыкбекова аксакалды кечээ Кадамжай ашуусунан көргөнүн айтты. Ал унаага чыгууну сунуштаганда баш тартып, тамак-ашына деп акча берсе да албай койгон экен.

Бул боюнча Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы окуянын чоо-жайы тууралуу түшүндүрмө берди.

Билдирүүгө ылайык, жол кырсыгы 26-августка караган түнү Кызыл-Кыянын Караван айылында белгисиз автоунаа Араван районунун Найман айылынын 41 жаштагы тургунун койдуруп, андан соң из жашырып кеткен. Жаракат алган киши ошол жерде набыт болгон.

"Кызыл-Кыя шаардык милициясы тарабынан 281-берене боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүргүзүлгөн. Кырсык болгон жерде жайгашкан дүкөндөгү жана Кызыл-Кыядан Баткен районуна чейинки аралыкта коюлган видео байкоодогу бардык тасмалар алынган. Натыйжада Баткен районунун 20 жаштагы К.уулу С. аттуу тургунуна таандык Toyota Camry автоунаасы кырсыктын себепкери катары аныкталып, айдоочусу кармалган", — деп айтылат маалыматта.

Калыстардын катышуусунда автоунаага кароо жүргүзүлгөндө, алды жагынан кызыл түстөгү канга окшош тактар табылып, кырсык болгон жерден алынган кандын тактары жана маркумдун каны алынып соттук-биологиялык экспертизалар дайындалган.

Турдали Кожоналиев, отец убитой в здании РОВД Жайыльского района девушки по имени Бурулай - Sputnik Кыргызстан
Бурулайдын атасы Кожоналиев: качанкыга чейин мансаптуулар бизди басмырлайт?!
"Маркум баш сөөгүнөн жабыркап, каза тапканы белгилүү болду. Мындан улам К. уулу С. 13-сентябрда шектүү катары кармалган. Ага айыбы угузулуп, Кызыл-Кыя шаардык сотунун чечими менен 27-октябрга чейин шаардык милициянын убактылуу кармоо жайына киргизилди. Окуяга күбө болгон эки жаран тергөөгө өз көрсөтмөлөрүн беришкен. Жогорудагы кылмышты ар тараптуу, обьективдүү тергөө үчүн дагы кошумча экспертизалар дайындалып, толук кандуу тергөө амалдары жүрүп жатат", — деп билдиришти милициядан.

Ошондой эле Бишкекке акыйкат издеп жөө аттандым деген шектүүнүн атасы Сайтраим Абдилатовдун туугандары бүгүн, 26-сентябрда эртең менен аны үйүнө алып кетишкен.

"Алар каза болгон кишинин туугандары менен байланышып, кырсыкка уулу себепкер экенин моюндап, кечирим суроо үчүн бармай болушкан. Бирок белгилей кетчү жагдай, ИИМдин тергөө кызматы аталган фактыга байланыштуу иштин мыйзамдуулугун жана кабыл алынган чечимдердин акыйкаттуулугун текшерүүнү баштады", — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан сырткары, окуя кандай өнүккөнүнө карабастан аталган кылмыш иши ИИМ жетекчилигинин өзгөчө көзөмөлүндө болорун убадалашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0