Жумгал районунда машина оодарылып, бир киши каза болду

© Sputnik / Табылды КадырбековВ Бишкеке перевернулся "бусик", есть пострадавшие
В Бишкеке перевернулся бусик, есть пострадавшие - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кырсыгы 27-сентябрда түнкү саат 12:15тер чамасында болгон.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек — Кочкор жолунун 105-чакырымында (Байзак айылына жакын жер) Audi-100 үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып, оодарылып кеткен. Жол кырсыктын кесепетинен бир киши каза болуп, дагы бирөө жаракат алган. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, жол кырсыгы 27-сентябрда түнкү саат 12:15тер чамасында болгон.

Кырсык болгон жерге куткаруучулар келип, каза болгон жарандын сөөгүн чыгарып, Тез жардам кызматына тапшырып берген.

Жабыркаган жаран райондук ооруканага жаткырылган. Ал эми маркумдун сөөгү ушул эле оорукананын өлүк сактоочу жайына жеткирилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0