Прокуратура Бакиевдер 300 миллион доллар чыгарып кеткен деген Гуревич тууралуу

Жазылуу
Евгений Гуревич жергиликтүү ЖМКлардын бирине маек берип, Бакиевдер Кыргызстандан 200-300 миллион доллар чыгарып кеткенин, аларды аныктоо үчүн Кыргызстандын укук коргоо органдарына жардам берүүгө даярдыгын айткан болчу.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Кыргызстандын башкы прокурору Өткүрбек Жамшитов учурунда Бакиевдердин финансылык кеңешчиси болгон Евгений Гуревич Бакиевдердин 200-300 миллион доллар чыгарып кетиши боюнча өз маегинде так маалымат бербегенин Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди.

Белгилей кетсек, бүгүн депутат Наталья Никитенко Бакиевдер Кыргызстандан 200-300 миллион долларды чыгарып кеткен деп айткан Евгений Гуревичтин маалыматы боюнча өлкөнүн тийиштүү органдарын чакырып, маалымат алууну сунуштап, аны депутаттар колдоого алган.

"Бакиевдер тарабынан 200-300 милилон доллардын чыгарылып кетиши боюнча Гуревич өзүнүн интервьюсунда так маалымат берген эмес. Ал Бакиевдин латвиялык банктардагы эсебинде 200-300 миллион доллары бар экенин айткан. Бирок ошол эле учурда ал акчалардын булагын, компаниянын аттарын, банк эсептеринин номерлерин же кайсы банктарда экенин айта алган эмес", — деди башкы прокурор.

Митинг сторонников президента Киргизии Курманбека Бакиева - Sputnik Кыргызстан
Изделбей, Интерполдун тизмесинен өчкөн кыргызстандык экс-саясатчылар
Жамшитов ошондой эле Гуревич акча чыгарылып кеткендиги тууралуу маалыматтарды бергенге чейин эле кыргыз өкмөтү КР кылмыш жаза кодексинин алкагында кылмыш белгилери менен ага кылмыш ишин козгоп, өлкөдөн чыгарылып кеткен акча каражаттарынын ордун аныктоо жана кайтаруу боюнча чаралар көрүлгөнүн жана көрүлүп жатканын кошумчалады.

Белгилей кетсек, Евгений Гуревич жергиликтүү ЖМКлардын бирине маек берип, Бакиевдер Кыргызстандан 200-300 миллион долларды чыгарып кеткенин, аларды аныктоо үчүн Кыргызстандын укук коргоо органдарына жардам берүүгө даяр экенин айткан болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0