Чек ара кызматы 2017-жылдан бери канча террорчуну кармап бергенин айтты

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевПремьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев посетил КПП "Ак-Жол"
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев посетил КПП Ак-Жол - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыл башынан бери Кыргызстандын чек арасынан 11 миллион 776,6 миң адам өткөн.

БИШКЕК, 29-cен. — Sputnik. Мамлекеттик чек ара кызматы өлкөгө канча адам кирип чыкканын жана кандай кылмыштуу ишке баргандар кармалганын жарыялады.

Маалыматка ылайык 2017-жылдын январь айынан ушул күнгө чейин чек арачылар террордук уюмдарга тиешеси бар делген 14 адамды кармап берген.

"Чек ара кызматы жыл башынан бери 320 жаран туура эмес, башка бирөөнүн жана жасалма документ менен баратканын аныктаган. Ал эми 1380 адам депортацияланган. Ошондой эле мамлекеттик органдардын 8900 ыкчам тапшырмаларын аткарган. Анын алкагында өлкөгө кирип-чыгууга тыюу салынган, ар кандай кылмыштарга тиешеси бар жана башка иштер боюнча айыпталган жарандар кармалып, тийиштүү органдарга өткөрүп берилген", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле 2018-жылдын сегиз айында Кыргызстандын чек арасынан 11 миллион 776,6 миң адам жана 792 600 транспорт өткөнү айтылат.

Эскерте кетсек, буга чейин УКМК террорчуларды өлкөгө мыйзамсыз түрдө киргизип кайра чыгарып жиберүүгө аракет кылган деп үч чек арачыны колго түшүргөн

Жаңылыктар түрмөгү
0