Улгайган кишини чаап-тепкен киши тергөө абагына киргизилди

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүБутырский следственный изолятор в Москве
Бутырский следственный изолятор в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айдоочу жасаган ишине өкүнүп жатканын, бирок улгайган киши өзү ошого жеткиргенин билдирген болчу.

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. "Мега Комфорт" соода борборуна жакын жердеги машина токтотуучу жайда иштеген улгайган кишини чаап-тээп жиберген айдоочу 20 күнгө СИЗОго киргизилди. Бул тууралуу Бишкек ШИИББден маалымдашты.

Белгилей кетсек, 25-сентябрда саат 15:00дөр чамасында "Мега Комфорт" соода борборуна жакын жердеги машина токтотуучу жайда иштеген улгайган кишини чаап-тээп жиберген айдоочунун видеосу социалдык тармакка тарап кеткен. Кийин ал киши кармалып, эмнеге мындай кадамга барганын түшүндүргөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0