УКМК Кыргызстанда халифат түзүүнү каалаган эки кишини кармады

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүПогранзастава "Западная" в акватории Калининградского залива
Погранзастава Западная в акватории Калининградского залива - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин маалыматы боюнча кармалган кишилер башкаларды үгүттөп жүргөн. Алардын жашаган жеринен диний-экстремисттик маанайдагы материалдар табылган.

БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Караколдо кишилерди үгүттөп, Кыргызстанда халифат түзүүгө үндөп жүргөн 44 жана 25 жаштагы кишилер кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, кармалгандар өлкөдө тыюу салынган "Хизб ут-Тахрир" экстремисттик уюмунун активдүү мүчөсү болгон.

"Кармалгандар кишилерди үгүттөп, теократиялык "Халифат" мамлекетин түзүүгө үндөшкөн. Алардын жашаган жерин тинтүү учурунда тыюу салынган диний-экстремисттик мазмундагы бир топ материалдар табылды", — деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 299-беренеси (Улуттук, расалык же диний кастыкты козутуу) менен кылмыш иши козголду.

Жаңылыктар түрмөгү
0