Жардан түртүп, сарайдан өрттөп жиберишкен. Жалал-Абаддагы чуулуу окуя

© Sputnik / Зульфия ТургуноваЖалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда өз короосунан чыккан өрттөн күйүп каза болду делген Кожоран Мамарасулов киши колдуу болгон
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда өз короосунан чыккан өрттөн күйүп каза болду делген Кожоран Мамарасулов киши колдуу болгон - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шектүүлөр Мамарасуловдун акчасын алуу үчүн өлтүрүшкөн. Бирок анын сөөгүн өрттөшкөндөн кийин үйүнө кирип акчасын таппай коюшкан.

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда өз короосунан чыккан өрттөн күйүп каза болду делген Кожоран Мамарасулов киши колдуу болгон. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин маалымат кызматы кабаралады.

© Sputnik / Зульфия ТургуноваЖалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда өз короосунан чыккан өрттөн күйүп каза болду делген Кожоран Мамарасулов киши колдуу болгон
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда өз короосунан чыккан өрттөн күйүп каза болду делген Кожоран Мамарасулов киши колдуу болгон - Sputnik Кыргызстан
1/3
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда өз короосунан чыккан өрттөн күйүп каза болду делген Кожоран Мамарасулов киши колдуу болгон
© Sputnik / Зульфия ТургуноваОкуя 26-сентябрдан 27-сентябрга караган түнү 02:00дөр чамасында Базар-Коргон районунун Талдуу-Булак айыл аймагынын Ак-Терек участкасында болгон
Окуя 26-сентябрдан 27-сентябрга караган түнү 02:00дөр чамасында Базар-Коргон районунун Талдуу-Булак айыл аймагынын Ак-Терек участкасында болгон - Sputnik Кыргызстан
2/3
Окуя 26-сентябрдан 27-сентябрга караган түнү 02:00дөр чамасында Базар-Коргон районунун Талдуу-Булак айыл аймагынын Ак-Терек участкасында болгон
© Sputnik / Зульфия ТургуноваКармалгандарга карата Кылмыш жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, экөө тең Базар-Коргон райондук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Кармалгандарга карата Кылмыш жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, экөө тең Базар-Коргон райондук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Кармалгандарга карата Кылмыш жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, экөө тең Базар-Коргон райондук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
1/3
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда өз короосунан чыккан өрттөн күйүп каза болду делген Кожоран Мамарасулов киши колдуу болгон
2/3
Окуя 26-сентябрдан 27-сентябрга караган түнү 02:00дөр чамасында Базар-Коргон районунун Талдуу-Булак айыл аймагынын Ак-Терек участкасында болгон
3/3
Кармалгандарга карата Кылмыш жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, экөө тең Базар-Коргон райондук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Билдирүүгө ылайык, окуя 26-сентябрдан 27-сентябрга караган түнү 02:00дөр чамасында Базар-Коргон районунун Талдуу-Булак айыл аймагынын Ак-Терек участкасында болгон.

Базар-Коргон РИИБи окуя болгон жерге барып, өлүмдүн жана өрттүн себептерин аныктоо максатында тиешелүү экспертизаларды дайындап, текшерүү иштерин жүргүзүшкөн. Жыйынтыгында бул факт жөн гана өрт кырсыгы эмес, адам киши колдуу болуп өлгөнү аныкталган.

"Эки күндүн ичинде шектүү катары ушул эле айылдын К. Аттуу киши жана М. аттуу жалгыз бой аял кармалган. Тергөө учурунда ачыкталгандай, шектүүлөр жакын мамиледе болушкан. Жалгыз бой аял Мамарасулов менен жакшы болуп жүрүп, анда ири суммадагы акча бар экенин билип калган. Мындан улам ага ага көңүлдөш болуп жүргөн К. менен биригип алып Мамарасуловду төрт метр бийик жардан кулатып өлтүрүшкөн. Андан соң из жашыруу максатында аны өзүнүн короосуна алып барып, сарайдагы жыйылган чөбү менен кошо өрттөп жиберишкен. Бирок ири суммадагы акчаны үйүнөн таба алышкан эмес", — деп жазылат маалыматта.

Кармалгандарга карата Кылмыш жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, экөө тең Базар-Коргон райондук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0