Фемида таразасы. Архивдик сүрөт

Футбол дарбазасы басып калган бала. Иш сотко өттү

117
(жаңыланган 11:51 05.10.2018)
Каргаша 13-июнь күнү Бишкектеги футбол аянтчаларынын биринде болгон.

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. 11 жаштагы Алан Айсаевдин энеси Нестан Найзабекова уулунун өлүмү боюнча иш акыры сотко өткөнүн Facebook баракчасына жазды.

Эскерте кетсек, каргаша 13-июнь күнү Бишкекте болгон. Баланын үстүнө футбол дарбазасы кулап, алган жаракатынан өспүрүм ошол жерден каза тапкан

"Иш акыры сотко өттү. Процесс 9-октябрга дайындалды. Футбол аянтынын ээси келип "Мен өзүмдү күнөөлүү деп эсептегеним үчүн эмес, аянтча мага караштуу болгону үчүн келдим" деди", — деп жазды Исабекова.

Бишкек ШИИБ иликтөө иштери 24-сентябрда аягына чыгып, Ленин райондук сотуна өткөрүлгөнүн тастыктады.

"Аянтты ижарага алып иштеткен Т.А. Кылмыш жаза кодексинин 258 (Коопсуздук эрежелерине жооп бербеген товар өндүрүү же сатуу, кызмат көрсөтүү) жана 353 (Өзүм билемдик) беренелери боюнча жоопко тартылууда. Эч жакка кетпөө боюнча тил кат алынды", — дешти милициядан.

Кылмыш иши бала каза болгон күнү козголгон. Укук коргоо органдары тергөө иштери кошумча текшерүүдөн улам созулуп кеткенин түшүндүрүп беришти.

117
Белгилер:
милиция, футбол, дарбаза, Бишкек
Тема боюнча
Бишкекте кулап кеткен футбол дарбазасы башына тийген бала каза тапты
Футбол дарбазасы басып каза болгон бала. Милиция иш козгоду
Көз айнек жана сом купюралары. Архив

Ысык-Көл облустук өнүктүрүү фонду мамлекетке 13 млн. сом зыян келтиргени аныкталды

36
(жаңыланган 13:16 02.12.2020)
Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, Ысык-Көл облустук өнүктүрүү фондунун башкаруу дирекциясы мыйзамсыз аракеттерди жасаган.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Ысык-Көл облустук өнүктүрүү фондунун башкаруу дирекциясы мамлекетке 13 миллион сомдон ашуун зыян келтирген. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Ысык-Көл облустук прокуратурасы социалдык объектилерди курууга сарпталган акчанын максаттуу пайдаланылышы боюнча текшерүү жүргүзгөн.

Мааламатка караганда, аталган дирекция 2016-2019-жылдары З.С. аттуу жоопкерчилиги чектелген коому менен Жети-Өгүз районунун Светлая Поляна айылына спорт зал куруу үчүн келишим түзгөн. 2019-жылдын 4-мартында спорт зал пайдаланууга берилген.

"Бирок дирекциянын өкүлдөрү пайда көрүү үчүн кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланып З.С. ЖЧКсынын кызматкерлери менен сүйлөшүп алып айрым иштерди жогорулатылган баада жасаткан. Ошондой эле аткарылбаган иштер дагы сметага кирип калган. Анын кесепетинен мамлекетке 4 миллион 324 миң 200 сом зыян келтирилген", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле 2014-2018-жылдар аралыгында Тоң районунун Тоң айылында бала бакча куруу үчүн дирекция менен жогоруда аталган ЖЧКнын ортосунда келишим түзүлүп, курулушу бүткөрүлдү делген бала бакча 2018-жылдын 29-майында пайдаланууга берилген.

"Мында дагы тараптар сүйлөшүп алып мамлекетти 4 миллион 378 миң 100 сом зыянга учураткан", — дешти Башкы прокуратурадан.

Мындан тышкары, 2015-2018-жылдар аралыгында Балыкчы шаарында бала бакча курууда дирекциянын кызмат адамдары менен ТИП коомунун кызматкерлеринин ушундай эле кылмыштуу аракеттеринен улам мамлекетке 4 миллион 338 миң 700 сом зыян келтирилгени айтылды.

Мамлекетке жалпы жонунан 13 миллион 041 миң сом өлчөмүндө зыян келтирилген.

Белгиленген фактылар Ыссык-Көл облустук прокуратурасы тарабынан Жазык кодексинин 320-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") менен КЖБРге катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

36
Белгилер:
бюджет, коррупция, фонд, өнүктүрүү, Ысык-Көл облусу
Тема боюнча
Прокуратура 10 млн. сомдук жер тилкени мамлекетке кайтарды
Прокуратура: Бишкекте иштебеген мугалимдерге айлык төлөнгөн факты аныкталды
Оңдоо иштери жол белгиси. Архив

Финпол: Ошто 43 млн. сом бөлүнгөн жолдун курулушу бүтпөй калган

139
(жаңыланган 12:09 02.12.2020)
Бүгүнкү күндө жол пайдаланууга бериле элек, ал эми аткарылбай калган жумуштун чыгымы 13 миллион сом деп бааланууда.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Ошто 42,9 миллион сомдон ашык каражат бөлүнгөн Кең-Сай жаңы конушуна кетчү жолду аягына чейин курбай коюшкан. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтан (Финансы полициясы) билдиришити.

Финансы полициясы бюджеттик каражатты уурдоо фактысы боюнча тергөө иштерин жүргүзүп жатат.

Мурдагы вице-премьер Тайырбек Сарпашев. Архив
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Маалым болгондой, Ош облусунун Капиталдык курулуш башкармалыгы жеке ишкана менен келишим түзгөн. Ага Кең-Сай конушуна кирүүчү жана айыл ичиндеги жолдорду куруу боюнча 42,9 миллион сомдон ашык акча которгону аныкталды. Бирок бүгүнкү күндө объект пайдаланууга бериле элек, ал эми аткарылбай калган жумуштун чыгымы 13 миллион сом деп бааланууда.

Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык, жеке ишкананын жетекчиси П.Т. аттуу жаран кармалган.

Учурда тергөө иштери жүргүзүлүп, аталган ишкананын кызыкчылыктарын коргоого тиешеси бар адамдар аныкталып жатат. Ошондой эле мамлекеттик бюджетке каражаты кайтартуу боюнча иштер жүрүүдө.

139
Белгилер:
коррупция, курулуш, жол, финансы полициясы, Ош
Тема боюнча
23 млн. доллар... Финпол кылмыштуу кирешени адалдаган схеманы аныктады
Финпол бюджетке зыян келтирген ишканадан 281 млн. сом өндүрдү
 Бишкектеги Ынтымак сейил багы. Архив

Башкы прокуратура "Ынтымак" паркынын курулушундагы мыйзам бузууларды тапты

0
(жаңыланган 14:39 02.12.2020)
"Ынтымак" сейил багы Чыңгыз Айтматов проспекти менен Масалиев көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан. Анын аянты 10 гектар. Курулуш иштерине 82 миллион сом сарпталган.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Башкы прокуратура Бишкектеги "Ынтымак" сейил багын курууда мыйзам бузуулар болгонун аныктады. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы кабарлады.

Анда 2019–2020-жылдары мэриянын айрым кызмат адамдары долбоордук-сметалык документацияга мамлекеттик экспертизанын оң баасы бериле электе эле паркты кура баштагандыгы айтылды.

Прокуратурадан билдиришкендей, көз карандысыз эксперттердин текшерүүсүндө айрым кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү менен баасынын жогорулатылып көрсөтүлгөнү аныкталган.

Ошондой эле сейил бактын аймагындагы объектилерди куруу боюнча мамлекеттик сатып алуулар болбогону жана курулуш иштерин жүргүзгөн ишканалардын тиешелүү лицензиясы жок экени белгилүү болду.

"Мэриянын документтерин текшергенде, кызматкерлер сынактын айрым катышуучуларына артыкчылык берип, бирок ал ишканалар коюлган талапка жооп бербегени аныкталды. Жыйынтыгында мамлекетке ири зыян келтирилген", — деп айтылат Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө.

Жазык кодексинин 234 ("Мамлекеттик сатып алуулардын тартибин бузуу"), 320-беренелери ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") менен сотко чейинки өндүрүш башталды.

"Ынтымак" сейил багы Чыңгыз Айтматов проспекти менен Масалиев көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан. Анын аянты 10 гектар. Курулуш иштерине 82 миллион сом сарпталган.

0
Белгилер:
документ, каражат, мыйзам, Башкы прокуратура, Бишкек
Тема боюнча
Финпол Сарпашев ээлик кылган 530 гектар жерди мамлекетке кайтарды
23 млн. доллар... Финпол кылмыштуу кирешени адалдаган схеманы аныктады