Бишкекте инспекторлор окуучу кыздын өмүрүн сактап калды

Жазылуу
Окуя 3-октябрда Лев Толстой көчөсүндө болгон.

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Борбор калаада автоинспекторлор өспүрүм кыздын өмүрүн сактап калышты. Бул туурасында Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Окуя 3-октябрда саат 18.45те Лев Толстой көчөсүндө болгон. Бишкек шаардык Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын инспекторлору — милициянын сержанты Төлөн Кожокматов менен старшина Байыш Эшбергенов кызмат учурунда көпүрөдөн секирүүгө аракет кылып жаткан кызды көрүшкөн. 

"Инспекторлор унаасын токтотуп чуркап барышканда кыз колу менен темирди кармап асылып турган. Алар аны кармап калууга жетишкен. Ары-бери өткөндөр да жардам беришти. Кыз эч нерсе айта албай ыйлап, сүйлөшүүдөн баш тартты", — деп жазылат маалыматта.

Андан соң Октябрь райондук милиция кызматкерлери чакырылганы айтылат.

Кийин белгилүү болгондой кыздын мындай кадамга барышына үй-бүлөдөгү көйгөйлөр себеп болгон. Ал Бишкектеги мектептердин биринде 9-класста окуйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0